«Кумтөр» кыргыз тарапка толук өтөрүнө аз калды - министрлер кабинети

«Кумтөр» кыргыз тарапка толук өтөрүнө аз калды - министрлер кабинети

Министрлер кабинети Centerra Gold Inc. акционерлеринин кечээ, 25-июлда «Кумтөр» долбоору боюнча Кыргызстан менен келишим түзүү резолюциясын көпчүлүк добуш менен жактырганын колдоого алаарын билдирди.

“Макулдашууну аткаруу алгоритмине ылайык, Кумтөрдү кыргыз тараптын толук контролуна өткөрүп берүүнү тариздөө жол-жобосун аяктоо боюнча бир нече техникалык жол-жоболор калды”, – деп айтылат минкабдын билдирүүсүндө.

Түзүлгөн макулдашуу төмөнкүдөй пункттарды камтыйт:

  • Кумтөр кени толугу менен кыргыз тараптын контролуна өтөт. Ошол эле учурда кыргыз тарап 2021-жылдын 15-майынан тартып алынган бардык пайданы өзүндө калтырат
  • Centerra Gold Inc. 11 млн АКШ долларына жакын өлчөмдөгү дивиденддерди төлөп берет
  • Centerra Gold Inc тарабынан кыргыз тарапка 50 млн АКШ доллары өлчөмүндө бир жолку төлөм макулдашылган
  • КРга 53 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү Кумтөр кени боюнча рекультивациялоо фондун башкаруу да өткөрүлүп берилет. 
  • Centerra Gold Inc. 2021-жылдын май айында жеткирилген алтындын партиясы үчүн 29 млн АКШ долларын төлөтүү жөнүндө талаптан баш тартат жана кыргыз тарапка каршы АКШда, Швецияда жана Канадада демилгеленген бардык сот процесстерин токтотот.

Бирок билдирүүдө Кыргызстанга таандык «Центерра Голддун» 26.1% акциясын канадалык компанияга өткөрүп берүү тууралуу маалымат айтылган эмес.

Эскерте кетсек, «Кумтөр» алтын кенине 2021-жылы 17-майда тышкы башкаруу киргизилген. Ал эми үстүбүздөгү жылы 4-апрелде, министрлер кабинети менен «Центерра Голд Инк.» компаниясынын ортосунда «Кумтөр Голд Компани» (КГК) ишканасын башкаруу боюнча пикир келишпестиктерди жөнгө салуу боюнча келишимге кол коюлганы жана кен толугу менен Кыргызстанга өткөнү жарыяланган.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте өзгөчө балдар үчүн ат үстүндөгү терапия уюштурулууда

Бишкекте өзгөчө балдар үчүн ат үстүндөгү терапия уюштурулууда

Бишкекте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн иппотерапия боюнча сабактар өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди. Сабактар 25-июндан 15-сентябрга чейин Ататүрк атындагы сейил бакта өтөт. Аларды спорт инструкторлору өткөрүп, балдар ата-энелеринин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосунда катышат. Маалыматка ылайык, күн сайын иппотерапия сабактарына орточо 10–15 бала

Жазы дарыясында мыйзамсыз балык уулаган жаранга доо коюлду

Жазы дарыясында мыйзамсыз балык уулаган жаранга доо коюлду

Жазы дарыясында мыйзамсыз балык уулоого каршы өткөрүлгөн кезектеги рейдде балык уулоо эрежелерин бузган үч жаран аныкталды. Алардын биринде мыйзамсыз кармалган 16 кара балык болгон. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, жаратылышка келген зыяндын ордун толтуруу үчүн жаранга 8 080 сом өлчөмүндө доо коюлду. Эсептөөгө ылайык,

Муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттары сатыкка коюлат

Муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттары сатыкка коюлат

Бишкек шаарынын мэриясы муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттарын сатуу боюнча ачык аукцион өткөрөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда, аукционго жалпы 106 лот коюлат. Ачык аукцион 24-сентябрда саат 10:00дө Бишкек шаары, Чүй проспекти, 168 дарегинде өткөрүлөт. Аукционго катышуу үчүн арызды Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгына берүү

Нурдан Орунтаевге сөгүш жарыяланды

Нурдан Орунтаевге сөгүш жарыяланды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевге тартиптик жаза берилди. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев министрге жүктөлгөн эмгектик милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн сөгүш жарыялаган. Чечим “Министрлер Кабинети жөнүндө” конституциялык мыйзамдын жана Эмгек кодексинин тиешелүү беренелеринин негизинде кабыл