Кыргызстан Өзбекстанга транспорттук-логистикалык жактан тыгыз кызматташууну сунуштады

Кыргызстан Өзбекстанга транспорттук-логистикалык жактан тыгыз кызматташууну сунуштады

22-июлда КРнын Өзбекстандагы элчиси Муса Джаманбаев Өзбекстандын
транспорт министри Илхом Махкамов менен жолугушуп, анын жүрүшүндө
эки мамлекет ортосундагы транспорттук-логистикалык
кызматташууну кеңейтүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулады. Бул тууралуу элчиликтин маалымат кызматы билдирди.

Тараптар «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорун
ишке ашыруунун жүрүшү жана бул жаатта кызматташууну мындан ары
өнүктүрүү боюнча биргелешкен аракеттерди жигерлентүү зарылдыгы
тууралуу пикир алмашышкан.

“Мындан тышкары, «Үч-Коргон – Дароот-Коргон» автожолунун курулушу,
үчүнчү өлкөлөргө эл аралык жүк ташуу үчүн кошумча уруксат бланктарын
алмашуу, жайкы туристтик сезонго «Ташкент – Каракол – Ташкент» эл аралык
автобус каттамын ачуу, «Ташкент – Балыкчы» маршруту боюнча темир жол
жана «Ташкент – Тамчы – Ташкент» чартердик авиакаттамдарын, ошондой эле «Ош – Андижан», «Кызыл-Кыя – Фергана» багыты боюнча туруктуу автобус
каттамдарын жандандырууну ишке ашыруу маселелери талкууланды”, – деп айтылат билдирүүдө.

Элчи Джаманбаев ошондой эле «Ош – Ташкент – Ош» багыты боюнча
аба каттамдарын ачуу жана «Самарканд – Тамчы – Самарканд» багыттары
боюнча жаңы каттамдарды уюштуруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну
сунуштады.

Мындан тышкары окуңуз

Сапаттуу билим алуу DemirBank менен мүмкүн – 0% пайыздык окуу насыясы

Сапаттуу билим алуу DemirBank менен мүмкүн – 0% пайыздык окуу насыясы

Жакшы билим – баланын келечегине жасалган маанилүү инвестициялардын бири. Бирок, бир окуу жылына төлөмдү бир учурда төлөө зарылчылыгы үй-бүлө үчүн олуттуу каржылык жүк болушу мүмкүн. DemirBank бир жолку төлөмдүн зарылчылыгынан улам тандалган билимди кийинкиге калтырууга жол бербеген чечимди сунуштайт. DemirBankтын окуу насыясы жылдык 0% жана комиссиясыз берилет. Анын жардамы менен

Кемин – Шабдан – Көк-Ойрок жолуна асфальт төшөлүүдө

Кемин – Шабдан – Көк-Ойрок жолуна асфальт төшөлүүдө

Чүй облусундагы Кемин – Шабдан – Көк-Ойрок автомобиль жолунда эки тараптуу асфальт төшөө иштери жүрүп жатат. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымында, 2026-жылга карата титулдук тизмеге ылайык, аталган жолдун 5 чакырым тилкесин асфальттоо каралган. Учурда №32 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан жол куруу иштери кызуу темпте жүргүзүлүүдө. Ишке 30га жакын

Бишкекте 285 жумуш орду түзүлө турган үч ишкана ачылат

Бишкекте 285 жумуш орду түзүлө турган үч ишкана ачылат

Бишкекте "100 өнөр жай ишканасы — 2026" программасынын алкагында жаңы өндүрүш объектилерин ишке киргизүүгө даярдык жүрүүдө. Алардын даярдыгын 25-августта шаар мэри Айбек Жунушалиев текшерди. "КыргызТрансформатор" ЖЧКсында күч трансформаторлорун чыгаруу пландалууда. Учурда курулуш-монтаждоо иштери аяктап, жабдуулар орнотулду. Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 1 миң трансформаторду түзүп, 50гө

Бишкекте өзгөчө балдар үчүн ат үстүндөгү терапия уюштурулууда

Бишкекте өзгөчө балдар үчүн ат үстүндөгү терапия уюштурулууда

Бишкекте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн иппотерапия боюнча сабактар өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди. Сабактар 25-июндан 15-сентябрга чейин Ататүрк атындагы сейил бакта өтөт. Аларды спорт инструкторлору өткөрүп, балдар ата-энелеринин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосунда катышат. Маалыматка ылайык, күн сайын иппотерапия сабактарына орточо 10–15 бала