Мэрияга баары бир - «Бахчай» чайханасы шаар тургундарына тынчтык бербей келет

Мэрияга баары бир - «Бахчай» чайханасы шаар тургундарына тынчтык бербей келет

Бишкек шаарындагы Саякбай Каралаев көчөсү 40/1, 40/2 дареги боюнча жайгашкан “Бахчай” чайханасы тегерегиндеги көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочуларынын тынчтыгын бузуп келет. Бул тууралуу аталган чайхананын жанында жашаган шаар тургуну редакцияга кайрылды.

Анын айтымында, “Бахчай” чайханасы түнкүсүн саат 4-5терге чейин музыкасын өчүрбөйт жана ал кафеден чыккан таштандылар да каттуу жыттанат.

“Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы бир дагы текшербейт, мэрияга баары бир. “Бахчайда” канализациясы жыттанганы аз келгенсип, түнкү саат 12ге чейин түтөтүп шашлык бышырышат, анын айынын терезелерибизди ача албайбыз. Анысы да аз келгенсип, эртең мененки саат 4кө чейин музыкасы өчпөйт, алкоголдук ичимдикти байма-бай саткандыктан, мастар түнү менен айкырып-кыйкырып бири-бири менен мушташып чыгышат. Анан таң ата баштаганда кафенин жумушчулары калдыратып араба менен таштандысын ташый башташат. Мэрия каякты карайт?” – дейт тынчсызданган жашоочу.

Ал райондун тургундары бир канча жолу мэрияга арыз менен кайрылганына карабай эч кандай чара көрүлбөй келет.

Мындан тышкары окуңуз

Министрлик: Тарых музейинин эки кабаты Кытайга берилгени тууралуу маалымат жалган

Министрлик: Тарых музейинин эки кабаты Кытайга берилгени тууралуу маалымат жалган

Желеде Улуттук тарых музейинин 4-5-кабаттары Кытай тарапка өткөрүлүп берилгени тууралуу тараган маалыматтын чындыкка дал келбесин Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди. Министрликтин маалыматына караганда, музейдин эч бир бөлүгү чет өлкөлүк мекемелерге менчикке, ижарага же туруктуу пайдаланууга берилген эмес. Белгилегендей, “Гармония сулуулукту жаратат: Байыркы Кытай цивилизациясынын көркөм өнөр

Кызыл-Кыяда курулуш талаптарын бузган жеке ишкерге чара көрүлдү

Кызыл-Кыяда курулуш талаптарын бузган жеке ишкерге чара көрүлдү

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында жеке менчик жер тилкесинде салынып жаткан эки кабаттуу соода борборунун курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Кулатов көчөсүндө жайгашкан объекттеги иштер тиешелүү уруксат берүүчү жана долбоордук документтер таризделбестен жүргүзүлгөн. Жер казууда

Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат

Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат

Бишкекте 11-августта Тоголок Молдо көчөсүнүн Фрунзе көчөсүнөн Абдымомунов көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат. Калаа мэриясынын билдиришкендей, аталган тилкеде бул убакта курулуш иштери жүргүзүлөт. Ал эми Фрунзе жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилиши кайрадан унаалар үчүн ачылат. Мэрия айдоочуларды жол кыймылындагы убактылуу өзгөрүүлөрдү эске алып, жол белгилеринин талаптарын так

Ошто 13,5 млн еврого эне-балага арналган медициналык борбор курулуп жатат

Ошто 13,5 млн еврого эне-балага арналган медициналык борбор курулуп жатат

Ош шаарында эне-бала саламаттыгын коргоого багытталган Перинаталдык борбордун курулушу башталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, долбоор Германиянын өнүктүрүү банкынын (KfW) 13,5 млн евро өлчөмүндөгү гранттык каражатынын эсебинен ишке ашырылууда. Аталган борбор 249 орунга ылайыкталып, кош бойлуу аялдарга, төрөттөн кийинки энелерге жана ымыркайларга