Нарын облусунун ишкерлерине 100 миң долларлык инвестиция алуу сунушталат

Нарын облусунун ишкерлерине 100 миң долларлык инвестиция алуу сунушталат

Accelerate Prosperity уюму Европа Биримдиги жана Ага Хан Фонду тарабынан кошмо каржылануучу “Экселерейт Просперити Азия” долбоорунун алкагында Борбордук Азия Университетинин (БАУ) алдындагы Кесиптик жана үзгүлтүксүз билим берүү мектебинин колдоосу менен Нарын облусунун жана Нарын чакан жана өсүп келе жаткан ишканаларынын арасында бизнес-акселераторга катышуу үчүн  арыздарды кабыл алып жаткандыгы  жөнүндө жарыялайт.

Долбоор ишкерликти өнүктүрүүгө жана КРнын айыл жергесиндеги калктын экономикалык бакубаттуулугун  жогорулатууга багытталган.

Бизнес-акселераторга катышуу үчүн Нарын облусунун иштеген чакан жана өсүп келе жаткан ишканалары чакырылат.

Негизги критерийлер:

  • бир жылдан кем эмес иш тажрыйбасы
  • жылына  350 миң сомдон кем эмес киреше болуусу
  • командада экиден кем эмес адам болушу.

Тандалып алынган компаниялар сегиз жумага чейинки акселерациялык программага катышат. Программанын жүрүшүндө ишкерлер баалуу сунуш, адам ресурстарын башкаруу, экспорт стратегиясы, каржы жана бизнес-моделдөө, маркетинг сыяктуу темалар боюнча интенсивдүү окуутудан өтөт жана тажрыйбалуу трекерлер менен иш алып барышат.

Трекинг системасы ишкерлерге окутуу учурунда алган билимдерин иш жүзүндө колдонууга, ошондой эле баардык командалардын прогрессин көзөмөл кылып турууга мүмкүнчүлүк берет. Ыкчамдатуу программасы төмөнкүдөй темаларды камтыйт: көйгөйдү аныктоо жана бизнестин баалуулугун сунуштоо, максаттуу аудиторияны аныктоо жана кардарларды сегменттөө, рынокторду жана атаандаштарды талдоо, бизнес процесстерди оптималдаштыруу жана стратегиялык пландоо, маркетинг жана менеджерлер үчүн сатуу, адам ресурстарын башкаруу, бирдиктердин экономикасын жана финансылык менеджментти, финансылык моделдөөнү, инвесторлордун мамилелерин жана инвестициялык операциялардын аспектилерин, инвесторлорду тандоо жана башка көптөгөн нерселерди камтыйт.

Ошондой эле инвестициялык комитет тарабынан жеңүүчү болуп тандалып алынган  ишканалар Accelerate Prosperity тарабынан 100 миң долларга чейинки инвестиция менен техникалык колдоо алышып, Борбордук Азия Университетинин алдындагы Кесиптик жана үзгүлтүксүз билим берүү мектептин тарабынан маалыматтык колдоо алышат.

Кызыкдар болгон ишканалар онлайн-анкетаны толтурушу керек. 

Арыздарды кабыл алуунун акыркы күнү: 28.08.22 .

Акселерациялык программа жана катышуу шарттары жөнүндө кененирээк бул жерден окуса болот.

Accelerate Prosperity (AP) – бул  Ага Хандын Өнүгүү боюнча уюмунун  (AKDN) Борбордук жана Түштүк Азиядагы жаңы глобалдык демилгеси жана негизги максаты  техникалык экспертиза, креативдүү каржылык чечимдерди жана рынок байланыштарын чакан жана өсүп келе жаткан ишкерлерге камсыз кылып берүү.

Мындан тышкары окуңуз

Сапаттуу билим алуу DemirBank менен мүмкүн – 0% пайыздык окуу насыясы

Сапаттуу билим алуу DemirBank менен мүмкүн – 0% пайыздык окуу насыясы

Жакшы билим – баланын келечегине жасалган маанилүү инвестициялардын бири. Бирок, бир окуу жылына төлөмдү бир учурда төлөө зарылчылыгы үй-бүлө үчүн олуттуу каржылык жүк болушу мүмкүн. DemirBank бир жолку төлөмдүн зарылчылыгынан улам тандалган билимди кийинкиге калтырууга жол бербеген чечимди сунуштайт. DemirBankтын окуу насыясы жылдык 0% жана комиссиясыз берилет. Анын жардамы менен

Кемин – Шабдан – Көк-Ойрок жолуна асфальт төшөлүүдө

Кемин – Шабдан – Көк-Ойрок жолуна асфальт төшөлүүдө

Чүй облусундагы Кемин – Шабдан – Көк-Ойрок автомобиль жолунда эки тараптуу асфальт төшөө иштери жүрүп жатат. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымында, 2026-жылга карата титулдук тизмеге ылайык, аталган жолдун 5 чакырым тилкесин асфальттоо каралган. Учурда №32 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан жол куруу иштери кызуу темпте жүргүзүлүүдө. Ишке 30га жакын

Бишкекте 285 жумуш орду түзүлө турган үч ишкана ачылат

Бишкекте 285 жумуш орду түзүлө турган үч ишкана ачылат

Бишкекте "100 өнөр жай ишканасы — 2026" программасынын алкагында жаңы өндүрүш объектилерин ишке киргизүүгө даярдык жүрүүдө. Алардын даярдыгын 25-августта шаар мэри Айбек Жунушалиев текшерди. "КыргызТрансформатор" ЖЧКсында күч трансформаторлорун чыгаруу пландалууда. Учурда курулуш-монтаждоо иштери аяктап, жабдуулар орнотулду. Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 1 миң трансформаторду түзүп, 50гө

Бишкекте өзгөчө балдар үчүн ат үстүндөгү терапия уюштурулууда

Бишкекте өзгөчө балдар үчүн ат үстүндөгү терапия уюштурулууда

Бишкекте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн иппотерапия боюнча сабактар өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди. Сабактар 25-июндан 15-сентябрга чейин Ататүрк атындагы сейил бакта өтөт. Аларды спорт инструкторлору өткөрүп, балдар ата-энелеринин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосунда катышат. Маалыматка ылайык, күн сайын иппотерапия сабактарына орточо 10–15 бала