Салык кызматынын онлайн кызматын жарым млн салык төлөөчү пайдаланууда

Салык кызматынын онлайн кызматын жарым млн салык төлөөчү пайдаланууда

Салык кызматынын онлайн кызмат көрсөтүүлөрүн 550 миңден ашуун салык төлөөчү пайдалууда. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматы билдирди.

Жыл башынан бери 179 миң 345 салык төлөөчү МСКнын Salyk.kg “Салык төлөөчүнүн жеке кабинети” сервисин пайдаланууга өтүшкөн.

“Бүгүнкү күндө 558 миң салык төлөөчү онлайн салыктык кызматтарды пайдаланууда, анын ичинде 493 миң жеке жак, 65 миң юридикалык жак. 54 миң салык төлөөчү электрондук санариптик кол тамганы колдонуу менен салык отчетун беришүүдө”, – дейт мекеме.

Бул кызмат колдонуучулар үчүн ыңгайлуу, анткени ал убакытты үнөмдөйт жана отчетту, салык декларациясын онлайн тапшырууга, салыктарды, анын ичинде патент жана камсыздандыруу полисин төлөөгө, арыз берүүгө, маалымкаттарды алууга, салык кызматы менен кат алышууга, ошондой эле Салык кызматынын башка онлайн кызматтарын пайдаланууга мүмкүндүк берет.

Салык төлөөчү өзүнүн жеке кабинетине кирип бюджет менен эсептешүүлөрдүн абалы, салыктардын төлөнгөндүгү жөнүндө маалымат, ИНН, акциздик марка боюнча маалымат алуу, кыймылсыз жана кыймылдуу мүлккө салыкты эсептөө кызматтарын да пайдалана алат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги Киев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Бишкектеги Киев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

“Бишкекжылуулуктармагы” муниципалдык ишканасы Киев көчөсү Исанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү жабыла тургандыгын маалымдайт. Учурда ишкананын адистери тилкеде диаметри 89 мм жана 273 мм болгон жылуулук тармактарын алмаштыруу боюнча негизги иштерди аякташты. Иштерди этап-этабы менен оңдоп-түзөөнүн алкагында кийинки этап 27-июнда Киев жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде башталат.

Өлкө аймагында абанын табы 40 градуска жетери кабарланды

Өлкө аймагында абанын табы 40 градуска жетери кабарланды

Өлкө аймагында 28–29-июнда абанын температурасы кескин жогорулайт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүзгү температура 35–40°ка чейин жетет. Мындай ысык аба ырайынын учурунда организмди бир калыпта кармаш учун жана күн өтүп кетүүдөн сактануу үчүн:

Ноокатта 5 социалдык имараттын курулушу башталды

Ноокатта 5 социалдык имараттын курулушу башталды

Ноокат районунда беш жаңы социалдык объекттин курулушуна мезгил кутусу салынды. Бул тууралуу Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Курулуп жаткан имараттардын катарында Зулпуев айыл аймагындагы заманбап спорттук стадион, Кулатов айыл аймагындагы Апшыр-Ата орто мектеби, ошондой эле Эргешов жана Колдошев атындагы орто мектептер жана Уркуя Салиева атындагы тарыхый-маданий музей бар.

Ветеринардык көзөмөл посттору текшерилди

Ветеринардык көзөмөл посттору текшерилди

Баткен жана Ош облустарында мамлекеттик чек арадагы ветеринардык көзөмөл постторунун ишмердүүлүгү текшерилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору А. Сотовалдиевдин иш сапарынын жүрүшүндө “Кызыл-Бел”, “Кызыл-Кыя” жана “Достук” мамлекеттик чек ара ветеринардык көзөмөл посттору, ошондой эле “Кара-Суу”