Улуттук банк комбанктарга жана акча алмаштыруу жайларына карата токтом кабыл алды

Улуттук банк комбанктарга жана акча алмаштыруу жайларына карата токтом кабыл алды

КРда экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, дүйнөдө орун алып турган геосаясий кырдаалга жана алардын ички финансылык рынокко тийгизген таасирине байланыштуу, тобокелдиктерди төмөндөтүү максатында, Улуттук банк комбанктарга жана акча алмаштыруу жайларына карата жаңы токтом кабыл алды.  

КРнын коммерциялык банктары ал токтомго ылайык: 

  • алмашуу бюролору менен операцияларды жүргүзүүдө алмашуу бюросунун бир календардык күн ичинде бир жолу жүгүртүү каражаттарынын чегинде накталай/накталай эмес чет өлкө валютасын сатып алуу/сатуу суммасын чектесин 
  • отчеттук жумадан кийинки дүйшөмбү күнү саат 14.00гө чейин Улуттук банкка ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык жума сайын отчет сунушташсын (кошо тиркелет)
  • отчеттук айдан кийинки иш күнү саат 16:00гө чейин ар бир айдын акыркы иш күнүнө карата абал боюнча алмашуу бюросу менен жүргүзүлгөн операциялар накталай/накталай эмес чет өлкө валютасын сатып алуу/сатуу жөнүндө маалыматты Улуттук банкка сунушташсын. 

Алмашуу бюролору: 

  • коммерциялык банктар менен алмашуу бюронун чогуу алганда жүгүртүү каражаттарынан ашкан суммада накталай чет өлкө валютасын сатып алуу/сатуу боюнча операцияларды бир календардык күндүн ичинде жүргүзүүгө тыюу салынат 
  • коммерциялык банктар менен накталай/накталай эмес чет өлкө валютасын сатып алуу/сатуу боюнча операцияларды жүргүзүүдө коммерциялык банктарга ККМдин чегин тиркеп, алмашуу бюросунун жетекчисинин кол тамгасын койдуруу менен алмашуу бюросунун мурунку күндүн акырына жана/же күндүн башталышына карата жүгүртүү каражаттарынын көлөмүн тастыктаган маалыматтарды жазуу жүзүндө сунушташсын. 

“Ушул токтомдун талаптары бузулган учурда коммерциялык банктарга, алмашуу бюролоруна лицензияны кайтарып алуу, ошондой эле тиешелүү кызмат адамдарына карата таасир этүү чараларын кошо алганда КРнын мыйзамдарына ылайык таасир этүү чаралары көрүлөт”, – дейт регулятор. 

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү чечими кабыл алынганга чейин колдонулат. 

Токтомдун аткарылышын контролдоо Улуттук банктын Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлөт.  

Мындан тышкары окуңуз

Сапаттуу билим алуу DemirBank менен мүмкүн – 0% пайыздык окуу насыясы

Сапаттуу билим алуу DemirBank менен мүмкүн – 0% пайыздык окуу насыясы

Жакшы билим – баланын келечегине жасалган маанилүү инвестициялардын бири. Бирок, бир окуу жылына төлөмдү бир учурда төлөө зарылчылыгы үй-бүлө үчүн олуттуу каржылык жүк болушу мүмкүн. DemirBank бир жолку төлөмдүн зарылчылыгынан улам тандалган билимди кийинкиге калтырууга жол бербеген чечимди сунуштайт. DemirBankтын окуу насыясы жылдык 0% жана комиссиясыз берилет. Анын жардамы менен

Кемин – Шабдан – Көк-Ойрок жолуна асфальт төшөлүүдө

Кемин – Шабдан – Көк-Ойрок жолуна асфальт төшөлүүдө

Чүй облусундагы Кемин – Шабдан – Көк-Ойрок автомобиль жолунда эки тараптуу асфальт төшөө иштери жүрүп жатат. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымында, 2026-жылга карата титулдук тизмеге ылайык, аталган жолдун 5 чакырым тилкесин асфальттоо каралган. Учурда №32 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан жол куруу иштери кызуу темпте жүргүзүлүүдө. Ишке 30га жакын

Бишкекте 285 жумуш орду түзүлө турган үч ишкана ачылат

Бишкекте 285 жумуш орду түзүлө турган үч ишкана ачылат

Бишкекте "100 өнөр жай ишканасы — 2026" программасынын алкагында жаңы өндүрүш объектилерин ишке киргизүүгө даярдык жүрүүдө. Алардын даярдыгын 25-августта шаар мэри Айбек Жунушалиев текшерди. "КыргызТрансформатор" ЖЧКсында күч трансформаторлорун чыгаруу пландалууда. Учурда курулуш-монтаждоо иштери аяктап, жабдуулар орнотулду. Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 1 миң трансформаторду түзүп, 50гө

Бишкекте өзгөчө балдар үчүн ат үстүндөгү терапия уюштурулууда

Бишкекте өзгөчө балдар үчүн ат үстүндөгү терапия уюштурулууда

Бишкекте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн иппотерапия боюнча сабактар өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди. Сабактар 25-июндан 15-сентябрга чейин Ататүрк атындагы сейил бакта өтөт. Аларды спорт инструкторлору өткөрүп, балдар ата-энелеринин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосунда катышат. Маалыматка ылайык, күн сайын иппотерапия сабактарына орточо 10–15 бала