Улуттук валютадагы депозиттик база 22%га өстү

Улуттук валютадагы депозиттик база 22%га өстү

2022-жылдын май айынын жыйынтыгы боюнча, улуттук валютадагы депозиттик база 2021-жылдын май айындагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 22%га өстү. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматы билдирди. 

Улуттук банк учурдагы күндөлүк монетардык саясатын экономикада инфляциялык процесстерди ооздуктоо жана дүйнөлүк товардык-чийки зат рынокторунда баанын глобалдуу өсүш тенденциясынын терс таасирин төмөндөтүү зарылчылыгы менен жүргүзүп жатканын белгилейт. 

“Жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясатынын маанилүү натыйжаларынын бири болуп, сом түрүндөгү финансылык активдердин, анын ичинде сом түрүндөгү мөөнөттүү аманаттардын өтүмдүүлүгүнүн жогорулашы саналат. Банк системасынын жаӊыдан кабыл алынган сом түрүндөгү мөөнөттүү депозиттеринин көлөмү 2022-жылдын февраль айынан май айларына чейинки мезгил аралыгында 30.4%га2 (өсүш 5. млрд сомтегерегинде) өстү”, – дейт Улуттук банк.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги Киев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Бишкектеги Киев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

“Бишкекжылуулуктармагы” муниципалдык ишканасы Киев көчөсү Исанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү жабыла тургандыгын маалымдайт. Учурда ишкананын адистери тилкеде диаметри 89 мм жана 273 мм болгон жылуулук тармактарын алмаштыруу боюнча негизги иштерди аякташты. Иштерди этап-этабы менен оңдоп-түзөөнүн алкагында кийинки этап 27-июнда Киев жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде башталат.

Өлкө аймагында абанын табы 40 градуска жетери кабарланды

Өлкө аймагында абанын табы 40 градуска жетери кабарланды

Өлкө аймагында 28–29-июнда абанын температурасы кескин жогорулайт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүзгү температура 35–40°ка чейин жетет. Мындай ысык аба ырайынын учурунда организмди бир калыпта кармаш учун жана күн өтүп кетүүдөн сактануу үчүн:

Ноокатта 5 социалдык имараттын курулушу башталды

Ноокатта 5 социалдык имараттын курулушу башталды

Ноокат районунда беш жаңы социалдык объекттин курулушуна мезгил кутусу салынды. Бул тууралуу Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Курулуп жаткан имараттардын катарында Зулпуев айыл аймагындагы заманбап спорттук стадион, Кулатов айыл аймагындагы Апшыр-Ата орто мектеби, ошондой эле Эргешов жана Колдошев атындагы орто мектептер жана Уркуя Салиева атындагы тарыхый-маданий музей бар.

Ветеринардык көзөмөл посттору текшерилди

Ветеринардык көзөмөл посттору текшерилди

Баткен жана Ош облустарында мамлекеттик чек арадагы ветеринардык көзөмөл постторунун ишмердүүлүгү текшерилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору А. Сотовалдиевдин иш сапарынын жүрүшүндө “Кызыл-Бел”, “Кызыл-Кыя” жана “Достук” мамлекеттик чек ара ветеринардык көзөмөл посттору, ошондой эле “Кара-Суу”