2023-жылдан баштап «социалдык контракт» бүткүл өлкөдө ишке кирет - аялуу категориядагы бүлөлөр 100 миң сомдон алышат

2023-жылдан баштап «социалдык контракт» бүткүл өлкөдө ишке кирет - аялуу категориядагы бүлөлөр 100 миң сомдон алышат

Кийинки жылдан баштап социалдык контракт бүткүл өлкө боюнча ишке киргизилет деп пландалууда. Бул тууралуу Эмгек министри Кудайберген Базарбаев Алай районунун тургундарына социалдык контракт тууралуу айтып берип жатып билдирди.

Белгилей кетсек, “Социалдык контракт” долбоорунун алкагында пилоттук режимде Кадамжай районунда, Баткен облусунда (50) жана Нарын облусунун Жумгал районунда (50) социалдык жактан аялуу категориясына кирген 100 үй-бүлөгө 100 миң сом өлчөмүндө гранттык каражаттар акысыз берилген.

2022-жылдын февраль айынан баштап долбоордун катышуучулары киреше алып келүүчү бизнес-пландарды ийгиликтүү ишке ашырышкан.

“Жакында эле социалдык келишимдин негизинде социалдык контракт көрсөтүү жөнүндө жобо бекитилди. Кийинки жылдан баштап социалдык контракт бүткүл өлкө боюнча ишке киргизилет деп пландалууда. Биз”үй-бүлөгө көмөк” алычуулардын арасында 2800 үй бүлөгө 100 миң сомдон бизнес баштаганга таратабыз”, – деди Базарбаев.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте өзгөчө балдар үчүн ат үстүндөгү терапия уюштурулууда

Бишкекте өзгөчө балдар үчүн ат үстүндөгү терапия уюштурулууда

Бишкекте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн иппотерапия боюнча сабактар өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди. Сабактар 25-июндан 15-сентябрга чейин Ататүрк атындагы сейил бакта өтөт. Аларды спорт инструкторлору өткөрүп, балдар ата-энелеринин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосунда катышат. Маалыматка ылайык, күн сайын иппотерапия сабактарына орточо 10–15 бала

Жазы дарыясында мыйзамсыз балык уулаган жаранга доо коюлду

Жазы дарыясында мыйзамсыз балык уулаган жаранга доо коюлду

Жазы дарыясында мыйзамсыз балык уулоого каршы өткөрүлгөн кезектеги рейдде балык уулоо эрежелерин бузган үч жаран аныкталды. Алардын биринде мыйзамсыз кармалган 16 кара балык болгон. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, жаратылышка келген зыяндын ордун толтуруу үчүн жаранга 8 080 сом өлчөмүндө доо коюлду. Эсептөөгө ылайык,

Муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттары сатыкка коюлат

Муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттары сатыкка коюлат

Бишкек шаарынын мэриясы муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттарын сатуу боюнча ачык аукцион өткөрөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда, аукционго жалпы 106 лот коюлат. Ачык аукцион 24-сентябрда саат 10:00дө Бишкек шаары, Чүй проспекти, 168 дарегинде өткөрүлөт. Аукционго катышуу үчүн арызды Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгына берүү

Нурдан Орунтаевге сөгүш жарыяланды

Нурдан Орунтаевге сөгүш жарыяланды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевге тартиптик жаза берилди. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев министрге жүктөлгөн эмгектик милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн сөгүш жарыялаган. Чечим “Министрлер Кабинети жөнүндө” конституциялык мыйзамдын жана Эмгек кодексинин тиешелүү беренелеринин негизинде кабыл