Кыргызстан Россиядан бюджетти колдоого 10 млн доллар алат

Кыргызстан Россиядан бюджетти колдоого 10 млн доллар алат

Кыргызстан бюджетти колдоо үчүн Россиядан 10 млн доллар грант алат. Бул тууралуу Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев маалымат жыйында билдирди.

Кулубаевдин айтымында, акча күзүндө келе баштайт. Министр ошондой эле Россия Кыргызстанга 8 млн долларга өрт-куткаруу техникасын берерин да билдирди.

Эске салсак, февраль айында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров РФнын премьер-министри Михаил Мишустинге өткөн жылдын аягында көрсөтүлгөн каржылык жардам үчүн ыраазычылык билдирген. Жапаровдун билдиргенине таянсак, Россия бюджетти колдоо үчүн 10 млн доллар бөлгөн. Россиялык басылмалардын маалыматы боюнча, бул каражат 2022-жылдын 31-мартына чейин келиш керек болчу.

Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин расмий сайтында КР жана РФнын өкмөт башчыларынын жолугушуусу тууралуу билдирүүдө бюджеттик колдоо тууралуу эч нерсе айтылган эмес. Бул тууралуу кыргыз басылмалары россиялык расмий булактардан билишти.

Кеп ошол мурдагы берилиш керек болгон каражаттар жөнүндө болуп жатабы же РФнын өкмөтүнөн жаңы колдоо келеби министр ал тууралуу так маалымат берген жок.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги Киев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Бишкектеги Киев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

“Бишкекжылуулуктармагы” муниципалдык ишканасы Киев көчөсү Исанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү жабыла тургандыгын маалымдайт. Учурда ишкананын адистери тилкеде диаметри 89 мм жана 273 мм болгон жылуулук тармактарын алмаштыруу боюнча негизги иштерди аякташты. Иштерди этап-этабы менен оңдоп-түзөөнүн алкагында кийинки этап 27-июнда Киев жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде башталат.

Өлкө аймагында абанын табы 40 градуска жетери кабарланды

Өлкө аймагында абанын табы 40 градуска жетери кабарланды

Өлкө аймагында 28–29-июнда абанын температурасы кескин жогорулайт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүзгү температура 35–40°ка чейин жетет. Мындай ысык аба ырайынын учурунда организмди бир калыпта кармаш учун жана күн өтүп кетүүдөн сактануу үчүн:

Ноокатта 5 социалдык имараттын курулушу башталды

Ноокатта 5 социалдык имараттын курулушу башталды

Ноокат районунда беш жаңы социалдык объекттин курулушуна мезгил кутусу салынды. Бул тууралуу Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Курулуп жаткан имараттардын катарында Зулпуев айыл аймагындагы заманбап спорттук стадион, Кулатов айыл аймагындагы Апшыр-Ата орто мектеби, ошондой эле Эргешов жана Колдошев атындагы орто мектептер жана Уркуя Салиева атындагы тарыхый-маданий музей бар.

Ветеринардык көзөмөл посттору текшерилди

Ветеринардык көзөмөл посттору текшерилди

Баткен жана Ош облустарында мамлекеттик чек арадагы ветеринардык көзөмөл постторунун ишмердүүлүгү текшерилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору А. Сотовалдиевдин иш сапарынын жүрүшүндө “Кызыл-Бел”, “Кызыл-Кыя” жана “Достук” мамлекеттик чек ара ветеринардык көзөмөл посттору, ошондой эле “Кара-Суу”