Кыргызстанда сунушталган айлык акы 3%га төмөндөдү

Кыргызстанда сунушталган айлык акы 3%га төмөндөдү

Кыргызстанда 2022-жылдын экинчи кварталында сунушталган айлык маяна өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3%га төмөндөдү. Мындай көрсөткүчтү HeadHunter (headhunter.kg) сайтта жайгаштырылган иш берүүчүлөрдөн келген вакансияларга жүргүзүлгөн анализинин негизинде билдирди.

Жумуш издеп жүргөн кыргызстандыктар 2022-жылы орточо эмгек акы 34.6 миң сомду түзөт деп күтүшүүдө. Бирок ошол эле учурда орточо сунушталган эмгек акы 10%га аз жана 31 миң сомду гана түзүүдө.

HeadHunter жогору маяна карап, жумуш издегендер төмөнкү кесиптик багыттарга көңүл бурушу керек дейт:

  • Эң жакшы вариант болуп консультациялык кызматтар саналууда. Мисалы, риэлторлор, маалымат талдоочулар, брокерлер, жана башка ушул сыяктуу бул сферада алектенгендердин орточо эмгек акысы – 70 миң сомду түзөт
  • Ошондой эле чийки затты казып алуу чөйрөсүндөгү геодезист, инженер, геологдордун орточо айлыгы 60 миң сомдон жогору болууда.
  • IT тармагында жаңы иштеп баштаган адистер 35 миң сомдон ала баштаса, тажрыйбалуулардын маянасы 140 миң сомдун тегерегин түзөт.

“Кадрларды сактап калуу үчүн компаниялар эмгек акыны индексациялоого, сунуштар рыногуна мониторинг жүргүзүүгө, ички корпоративдик маданият жана башкарууга көңүл бурушу керек”, – дейт аталган портал.


Эскерте кетсек, Улутстатком 2022-жылдын январь-апрель айларында кыргызстандыктардын орточо эмгек акысы 22 084 сомду түзгөнүн билдирген болчу.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте өзгөчө балдар үчүн ат үстүндөгү терапия уюштурулууда

Бишкекте өзгөчө балдар үчүн ат үстүндөгү терапия уюштурулууда

Бишкекте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн иппотерапия боюнча сабактар өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди. Сабактар 25-июндан 15-сентябрга чейин Ататүрк атындагы сейил бакта өтөт. Аларды спорт инструкторлору өткөрүп, балдар ата-энелеринин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосунда катышат. Маалыматка ылайык, күн сайын иппотерапия сабактарына орточо 10–15 бала

Жазы дарыясында мыйзамсыз балык уулаган жаранга доо коюлду

Жазы дарыясында мыйзамсыз балык уулаган жаранга доо коюлду

Жазы дарыясында мыйзамсыз балык уулоого каршы өткөрүлгөн кезектеги рейдде балык уулоо эрежелерин бузган үч жаран аныкталды. Алардын биринде мыйзамсыз кармалган 16 кара балык болгон. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, жаратылышка келген зыяндын ордун толтуруу үчүн жаранга 8 080 сом өлчөмүндө доо коюлду. Эсептөөгө ылайык,

Муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттары сатыкка коюлат

Муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттары сатыкка коюлат

Бишкек шаарынын мэриясы муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттарын сатуу боюнча ачык аукцион өткөрөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда, аукционго жалпы 106 лот коюлат. Ачык аукцион 24-сентябрда саат 10:00дө Бишкек шаары, Чүй проспекти, 168 дарегинде өткөрүлөт. Аукционго катышуу үчүн арызды Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгына берүү

Нурдан Орунтаевге сөгүш жарыяланды

Нурдан Орунтаевге сөгүш жарыяланды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевге тартиптик жаза берилди. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев министрге жүктөлгөн эмгектик милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн сөгүш жарыялаган. Чечим “Министрлер Кабинети жөнүндө” конституциялык мыйзамдын жана Эмгек кодексинин тиешелүү беренелеринин негизинде кабыл