«Кыргызстандарт» компанияларга сынак жарыялайт - баш байге 3500$

«Кыргызстандарт» компанияларга сынак жарыялайт - баш байге 3500$

Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору (“Кыргызстандарт”) Продукция жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү жетишкендиктери үчүн КМШнын сыйлыгына 2023-жылга карата компанияларга сынак жарыяланганын маалымдады.

Сынак КМШ Өкмөт башчылар кеңешинин 2012-жылдын май айындагы Чечими менен бекитилген. Продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты чөйрөсүндөгү жетишкендиктери үчүн бул сынак эки жылда бир жолу өткөрүлөт.

Төмөнкүлөрдү сунуштаган продукцияларды чыгарган жана (же) кызматтарды көрсөткөн уюмдар КМШ сыйлыгына талапкер боло алышат:

  • КРнын Сапат сыйлыгына сынактын биринчи (улуттук) этабында финалга чыгуу
  • конкурска чейинки эки жылдан кем эмес мезгил ичинде продукциянын жана (же) кызмат көрсөтүүлөрдүн тийиштүү сапаты алар тарабынан ырасталганда
  • продукцияны жана (же) кызмат көрсөтүүлөрдү КМШга мүчө бир же андан көп мамлекетке экспорттогондо.
Сыйлык төмөнкү сандагы кызматкерлери бар уюмдарга берилет:
  • 250 адамга чейин
  • 250дөн 1500 адамга чейин
  • 1500 кишиден жана андан көп
Сынакка кайсы тармактагылар катышса болот?
  • өнөр жайлык багыттагы продукцияларды өндүрүүчүлөр
  • эл керектөөчү товарларды өндүрүүчүлөр
  • азык-түлүк жана айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөр
  • кызмат көрсөтүү менен алектенген ишканалар.
Сынактын жеңүүчүлөрүн тандоо эки этапта жүргүзүлөт:
  1. Кыргызстандарт тарабынан сынактын катышуучуларын баалоонун жыйынтыгы боюнча.

2. Берилген материалдарга экспертиза жүргүзүү жана баллды колдонуу менен жеринде баа берүү аркылуу. МАК сынагынын экинчи этабында иштерди аткаруу үчүн башка мамлекеттин эки экспертинен турган (кайчылаш) эксперттик комиссиялардын курамы алардын географиялык жайгашуусун эске алуу менен бекитилет.

Сынактын лауреаттары жана дипломанттары Сыйлыктын дипломдору жана сыйлыктары менен сыйланышат, ошондой эле продукцияны маркировкалоодо жана алардын таңгагында, жарнамалык максаттарда жана документтерде үч жыл бою Сыйлыктын логотипинин сүрөтүн колдонуу укугу берилет.

КМШ сыйлыгына сынакка катышуу үчүн арыздар жана материалдар 2022-жылдын 1-октябрына чейин комиссиянын катчылыгына – “Кыргызстандартка” берилет.

Байгелер төмөнкүдөй өлчөмдө белгиленет:
  • 250 кызматкерге чейин иштеген уюмдар – 1500 доллар
  • 250дөн 1000ге чейин кызматкерлери бар уюмдар – 2200 доллар
  • 1000ден 3000ге чейин кызматкерлери бар уюмдар – 2800 доллар
  • 3000ден 5000ге чейин кызматкерлери бар уюмдар – 3000 доллар
  • 5000ден ашык кызматкерлери бар уюмдар – 3500 доллар

Көбүрөөк маалыматты бул веб-сайттан же “Кыргызстандарттын” сайтынан табууга болот.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте өзгөчө балдар үчүн ат үстүндөгү терапия уюштурулууда

Бишкекте өзгөчө балдар үчүн ат үстүндөгү терапия уюштурулууда

Бишкекте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн иппотерапия боюнча сабактар өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди. Сабактар 25-июндан 15-сентябрга чейин Ататүрк атындагы сейил бакта өтөт. Аларды спорт инструкторлору өткөрүп, балдар ата-энелеринин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосунда катышат. Маалыматка ылайык, күн сайын иппотерапия сабактарына орточо 10–15 бала

Жазы дарыясында мыйзамсыз балык уулаган жаранга доо коюлду

Жазы дарыясында мыйзамсыз балык уулаган жаранга доо коюлду

Жазы дарыясында мыйзамсыз балык уулоого каршы өткөрүлгөн кезектеги рейдде балык уулоо эрежелерин бузган үч жаран аныкталды. Алардын биринде мыйзамсыз кармалган 16 кара балык болгон. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, жаратылышка келген зыяндын ордун толтуруу үчүн жаранга 8 080 сом өлчөмүндө доо коюлду. Эсептөөгө ылайык,

Муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттары сатыкка коюлат

Муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттары сатыкка коюлат

Бишкек шаарынын мэриясы муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттарын сатуу боюнча ачык аукцион өткөрөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда, аукционго жалпы 106 лот коюлат. Ачык аукцион 24-сентябрда саат 10:00дө Бишкек шаары, Чүй проспекти, 168 дарегинде өткөрүлөт. Аукционго катышуу үчүн арызды Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгына берүү

Нурдан Орунтаевге сөгүш жарыяланды

Нурдан Орунтаевге сөгүш жарыяланды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевге тартиптик жаза берилди. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев министрге жүктөлгөн эмгектик милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн сөгүш жарыялаган. Чечим “Министрлер Кабинети жөнүндө” конституциялык мыйзамдын жана Эмгек кодексинин тиешелүү беренелеринин негизинде кабыл