МИК: Ипотекалык каражат сурап жатканда кандай учурда өнөктөш банк каржылоодон баш тартышы мүмкүн?

МИК: Ипотекалык каражат сурап жатканда кандай учурда өнөктөш банк каржылоодон баш тартышы мүмкүн?

Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) өнөктөш банк кайсы учурда кардарга каржылоодон баш тартып коюшу мүмкүн экендигин айтып берди.

  • МИКтин өтүнмөсү (заявкасы) жактырылган жарандар өнөктөш банктарга (“РСК”, “Айыл Банк”, “Бакай Банк”) барып кезекке турат
  • Кезеги келген жаранга «сизге тиешелүү документтерди чогултууга жана үй издөөгө 20 күн убакыт берилет» – деген смс барат
  • Банктын кызматкерине барып кандай документтерди чогултуу керектигин тактап аласыз
  • Сиз 20 күндө тиешелүү документтерди чогултуп, ошондой эле өзүңүзгө жаккан жана турак жай Программасынын талаптарына туура келген үйдүн документтерин да тапшырасыз.

“Андан соң банк сиздин заявкаңызды карап баштайт. Ошол учурда сиздин башка кредиттериңиз болсо, аларды толук төлөшүңүз керек болот. Анткени өнөктөш банк чечим кабыл алууда сиздин кредиттик тарыхыңызга карайт. Банктардын «кара тизмесине» кирип калган болсоңуз кредиттик комитет сиздин заявкаңызды каржылоодон баш тартышы мүмкүн!” – дейт МИК.

Андан сырткары, банктын кызматкери сиздин үй-бүлөлүк кирешеңиздерди да эсепке алат. Ошондуктан сиз документтерди тапшырып жатканда өзүңүздүн, жубайыңыздын жана башка үй-бүлө мүчөлөрүнүн айлык акыларын тастыктаган справканы да кошуңуз. Ошондой эле кошумча киреше булактары болсо аны да көрсөтүңүздөр, балким, чакан бизнесиңиз бар, же негизги жумуштан сырткары дагы кошумча жумушта иштейсиз, ошонун баарын көрсөткөнгө аракет кылыңыз. Анткени бул жагдай кредиттик комитет чечим чыгарууда эске алынат.

Сиз МИКке ипотека алууга арыз бергенден баштап каржылоого кезегиңиз жеткенче ай сайын үй-бүлөңүздүн кирешесинен акча үнөмдөп ипотекаңыздын баштапкы төлөмүн акча каражат чогулта баштаңыз. МИКтин кароосунун өтүп банкта кезегиңиз жеткенче жакшы эле сумма чогулуп калат. Баштапкы төлөмгө сиз канчалык көп сумма чогутсаңыз, кредиттик комитет сиздин завкаңызды кароодо ошол жагдайды да эске алат. Ошондой эле келечекте ипотекаңызды төлөө да ошончолук жеңилдик болот.

Ипотекаңызга баштапкы төлөмдү кантип чогутсаңыз болот?

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын алдында түзүлгөн «Ак-Босого» турак жай сактык компаниясында депозиттик эсеп ачып, ай сайын кирешеңизден үнөмдөгөн акчаны салып турасыз. 3000 же 5000сом минималдуу сумма жана каржылык мүмкүнчүлүгүңүзгө жараша чогулта бересиз.

«Ак-Босого» турак-жай сактык компаниясында депозит эсеп ачып акча каражат чогултуу сизге дагы кандай мүмкүнчүлүктөрдү берет? Сиз «Ак-Босогодо» депозит эсеп ачкандан кийин эгерде үй ала турган сумманын 30%ын чогултуп койсоңуз, банктагы кезегиңиз жете элек болсо да Ак-Босого аркылуу мамипотека алсаңыз болот. Айлап, жылдап кезек күткөнчө бул албетте жакшы мүмкүнчүлүк, ошондуктан мындай мүмкүнчүлүктү да колдонсоңуз болоорун эскертебиз”, – дешет МИКтин адистери.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

26–28-август күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында жарандарга акысыз укуктук жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Юридикалык жардам кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Юстиция министрлигинин 100 жылдыгына карата уюштурулууда. Юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустарында атайын жайлар уюштурулат. Алардын арасында калкты тейлөө борборлору, айыл

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорунун кийинки этабы башталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Документ "Джунда" заводун

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алай районунда сел, жер көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Гүлчө шаарына караштуу Чакмак айылында жер көчкү коркунучун жоюу үчүн ӨКМдин атайын долбоору менен курулган дамбанын курулушу 100% аяктады. Сыноо иштеринен кийин бул аймактагы 13 турак үйгө жана

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500