КРга ташылып жаткан көмүрдүн көлөмү көбөйгөнүнө байланыштуу Казакстан көмүрүн автоунаа менен экспорттоого тыюу салат

КРга ташылып жаткан көмүрдүн көлөмү көбөйгөнүнө байланыштуу Казакстан көмүрүн автоунаа менен экспорттоого тыюу салат

Казакстан көмүрдү автотранспорт менен экспорттоого тыюу салууну пландап жатат. Тиешелүү буйрук Казакстандын Өнөр жай жана инфраструктуралык өнүктүрүү министрлигинин Өнөр жайды өнүктүрүү комитети тарабынан даярдалганын казакстандык ЖМКлар билдиришти.

Казакстан 1-августтан баштап алты айлык мөөнөткө көмүрдү экспорттоого тыюу салууну көздөөдө. Анын себебин муниципалдык кызматтарды жана калкты көмүр менен камсыздоо зарылчылыгы деп түшүндүрүшүүдө.

Комитеттин негиздемесинде ички рынокко багытталган көмүр экспорттолот деп жазылган.

“Талдоо көрсөткөндөй, коңшу мамлекеттерге, тагыраак айтканда, Кыргызстанга – 19%га, Өзбекстанга – 30%га көмүр экспорту өсүп кеткен. 2021-жылы КРга казак көмүрүнүн экспорту 1 млн 143 миң тоннаны түзсө, анын 1 млн 20 миң тоннасы темир жол транспорту аркылуу экспорттолгон”, – деп айтылат маалыматта.


Белгилей кетсек, Кыргызстандын бийлиги да буга чейин көмүрдү ташып чыгууга тыюу салып, темир жол аркылуу гана ташууну сунуштаган. КРда бул чечим контрабанданы кыскартуу, ошондой эле экспорттук операциялардын ишенимдүү эсебин жүргүзүү зарылчылыгы менен түшүндүрүлгөн.

Ошондой эле Энергетика министри Доскул Бекмурзаев Бишкек ЖЭБине жергиликтүү гана көмүр ташылып, “Каракечеге” артыкчылык берерин да айткан эле.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

26–28-август күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында жарандарга акысыз укуктук жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Юридикалык жардам кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Юстиция министрлигинин 100 жылдыгына карата уюштурулууда. Юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустарында атайын жайлар уюштурулат. Алардын арасында калкты тейлөө борборлору, айыл

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорунун кийинки этабы башталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Документ "Джунда" заводун

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алай районунда сел, жер көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Гүлчө шаарына караштуу Чакмак айылында жер көчкү коркунучун жоюу үчүн ӨКМдин атайын долбоору менен курулган дамбанын курулушу 100% аяктады. Сыноо иштеринен кийин бул аймактагы 13 турак үйгө жана

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500