Мамлекеттик ишканалар 7.5 млрд сом таза киреше алышты, бирок бюджетке учурда 1.9 млрд сом түштү

Мамлекеттик ишканалар 7.5 млрд сом таза киреше алышты, бирок бюджетке учурда 1.9 млрд сом түштү

Мамлекеттик ишканалардын (акционердик коомдордун жана мамлекеттик ишканалардын) жалпы таза кирешеси биринчи жарым жылдыкта 7.5 млрд сомдон ашкан. Бул тууралуу маалымат кечээ, 28-июлда Мамлекеттик мүлк фондунун коллегиясында айтылганын Экономика министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Алты айдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттин үлүшү бар акционердик коомдор – 6.5 млрд сомго жакын, ал эми мамлекеттик ишканалар – 1 млрд сомдон ашык таза киреше алышкан.

«Мамлекеттик мүлктү башкаруудан республикалык бюджетке түшкөн каражаттардын иш жүзүндөгү суммасы 1 млрд 869 млн сомду түздү», — деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, өткөн жылдын аягында мамлекеттин катышуусу бар акционердик коомдордун жалпы таза кирешеси – 11 млрд сомдон ашык, ал эми мамлекеттик ишканалардыкы – 2 млрд сомдон ашкан болчу.

Ошондой эле  бүгүн, 29-июлда өткөн маалымат жыйында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси Мирлан Бакиров Айыл чарба министрлигине караштуу жыйырма бештей МИ чыгашалуу абалда экенин, буга байланыштуу айыл чарба тармагындагы чакан ишканаларды ирилештирүү программасы түзүлгөнүн, чыгашалуу ишканаларды мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жана ишенимдүү башкарууга өткөрүү боюнча варианттар каралып жатканын билдирип, ага катар бир канча кирешелүү МИлердин атын атады.

“Кирешелүү компаниялардын катарына «Кыргызалтын» ААК, «Альфа Телеком» ЖАК, «РСК Банк» ААК, «АйылБанк» ААК, «Кыргызнефтегаз» ААК жана башкалар кирди», – деди Бакиров.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

26–28-август күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында жарандарга акысыз укуктук жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Юридикалык жардам кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Юстиция министрлигинин 100 жылдыгына карата уюштурулууда. Юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустарында атайын жайлар уюштурулат. Алардын арасында калкты тейлөө борборлору, айыл

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорунун кийинки этабы башталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Документ "Джунда" заводун

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алай районунда сел, жер көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Гүлчө шаарына караштуу Чакмак айылында жер көчкү коркунучун жоюу үчүн ӨКМдин атайын долбоору менен курулган дамбанын курулушу 100% аяктады. Сыноо иштеринен кийин бул аймактагы 13 турак үйгө жана

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500