Эми каалоочулар электр энергиясын чектөөсүз колдонсо болот. Жаңы тариф - 5 сом 4 тыйын

Министрлер кабинетинин жыйынынын жыйынтыгында керектөөчүлөрдүн бардык категориялары үчүн 2022-жылга электр жана жылуулук энергиясына колдонуудагы тарифтерди сактап калуу чечими кабыл алынды.

Аны менен катар электр энергиясын чектөөсүз (лимитсиз) пайдаланууну каалагандар үчүн электр энергиясына жаңы тариф – 5 сом 4 тыйын өлчөмүндө бекитилди.

Жаңы тариф келишимдин негизинде ыктыярдуу түрдө колдонулуп, электр энергиясын керектөөнү жана кубаттуулукту чектебестен пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берет.

Эскерте кетсек, буга чейин Энергетика министрлиги учурдагы тарифтер электр энергиясынын өздүк наркын актабай тургандыгын айтып келген. Учурда энергетика тармагындагы таңкыстык 15.2 млрд сомду түзөт.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Токтогул шаары 5,3 млн сомго таштанды ташуучу унаа сатып алды

20-ноябрда Бишкектин кээ бир аймактарында суу берилбейт

Кыргызстан менен Казакстан салык тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Улуттук банк 1 коммерциялык банкка 5 миң 354 сом айып пул салды

Кыргыз-өзбек чек арасында бажы-логистикалык терминал ачылды