Орок айыл аймагындагы 20 га аянтка стадион түшөт - «Бишкек Сити» да ушул айылда курулат

Орок айыл аймагындагы 20 га аянтка стадион түшөт - «Бишкек Сити» да ушул айылда курулат

Орок айыл аймагындагы 20,78 га аянттагы жер тилкесинде стадион курулат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

“Сокулук районунун Орок айыл аймагында 20.78 га аянттагы жер тилкеси дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексин куруу үчүн айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын жана энергетиканын жерлери категориясына которулду”, – деп айтылат билдирүүдө. 

Мындай чечим минкабдын кезектеги жыйынында көпчүлүк добуш менен кабыл алынган. 

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров 100 күндүк ишинин жыйынтыгына арналган маалымат жыйынында «Бишкек шаарынын» курулушу жөнүндө айтып берип, ал комплекс «Орок» айылынын 150 гектар аймагында куруларын билдирген болчу.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги Киев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Бишкектеги Киев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

“Бишкекжылуулуктармагы” муниципалдык ишканасы Киев көчөсү Исанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү жабыла тургандыгын маалымдайт. Учурда ишкананын адистери тилкеде диаметри 89 мм жана 273 мм болгон жылуулук тармактарын алмаштыруу боюнча негизги иштерди аякташты. Иштерди этап-этабы менен оңдоп-түзөөнүн алкагында кийинки этап 27-июнда Киев жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде башталат.

Өлкө аймагында абанын табы 40 градуска жетери кабарланды

Өлкө аймагында абанын табы 40 градуска жетери кабарланды

Өлкө аймагында 28–29-июнда абанын температурасы кескин жогорулайт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүзгү температура 35–40°ка чейин жетет. Мындай ысык аба ырайынын учурунда организмди бир калыпта кармаш учун жана күн өтүп кетүүдөн сактануу үчүн:

Ноокатта 5 социалдык имараттын курулушу башталды

Ноокатта 5 социалдык имараттын курулушу башталды

Ноокат районунда беш жаңы социалдык объекттин курулушуна мезгил кутусу салынды. Бул тууралуу Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Курулуп жаткан имараттардын катарында Зулпуев айыл аймагындагы заманбап спорттук стадион, Кулатов айыл аймагындагы Апшыр-Ата орто мектеби, ошондой эле Эргешов жана Колдошев атындагы орто мектептер жана Уркуя Салиева атындагы тарыхый-маданий музей бар.

Ветеринардык көзөмөл посттору текшерилди

Ветеринардык көзөмөл посттору текшерилди

Баткен жана Ош облустарында мамлекеттик чек арадагы ветеринардык көзөмөл постторунун ишмердүүлүгү текшерилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору А. Сотовалдиевдин иш сапарынын жүрүшүндө “Кызыл-Бел”, “Кызыл-Кыя” жана “Достук” мамлекеттик чек ара ветеринардык көзөмөл посттору, ошондой эле “Кара-Суу”