Реабилитациялык борборлордо балдардын тамактануу сапатын жакшыртууга бюджеттен кошумча 11.7 млн сом бөлүнөт

Реабилитациялык борборлордо балдардын тамактануу сапатын жакшыртууга бюджеттен кошумча 11.7 млн сом бөлүнөт

5 реабилитациялык борбордо балдардын жана өспүрүмдөрдүн тамак-ашына каралган чыгымдардын акчалай ченемдери 100%га жогорулатылат. Тиешелүү чечим минкабдын кезектеги жыйынында кабыл алынды.

Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков белгилегендей, бул чечим айрым саламаттык сактоо уюмдарында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жана психоневрологиялык оорулары бар балдардын тамактануу сапатын жана рационун жакшыртууга багытталган.

“5 реабилитациялык борбордо балдардын тамак-ашына кеткен чыгымдын ченемдерин жогорулатууга республикалык бюджеттен кошумча 11 млн 781 миң сом бөлүнөт”, – деп айтылат минкабдын берген маалыматында.

Учурда Чүй облустук ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды жана өспүрүмдөрдү реабилитациялоочу «Максат» борборунда, Жалал-Абад облустар аралык «Бакыт» реабилитациялык борборунда, Базар-Коргон райондор аралык реабилитациялык борборунда, «Родничок» балдардын психоневрологиялык реабилитациялык борборунда, Ош шаарындагы кыймыл таяныч тутумундагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ден соолугун калыбына келтирүү борборунда акчалай тамак-аш нормалары 110 сомду түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги Киев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Бишкектеги Киев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

“Бишкекжылуулуктармагы” муниципалдык ишканасы Киев көчөсү Исанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү жабыла тургандыгын маалымдайт. Учурда ишкананын адистери тилкеде диаметри 89 мм жана 273 мм болгон жылуулук тармактарын алмаштыруу боюнча негизги иштерди аякташты. Иштерди этап-этабы менен оңдоп-түзөөнүн алкагында кийинки этап 27-июнда Киев жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде башталат.

Өлкө аймагында абанын табы 40 градуска жетери кабарланды

Өлкө аймагында абанын табы 40 градуска жетери кабарланды

Өлкө аймагында 28–29-июнда абанын температурасы кескин жогорулайт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүзгү температура 35–40°ка чейин жетет. Мындай ысык аба ырайынын учурунда организмди бир калыпта кармаш учун жана күн өтүп кетүүдөн сактануу үчүн:

Ноокатта 5 социалдык имараттын курулушу башталды

Ноокатта 5 социалдык имараттын курулушу башталды

Ноокат районунда беш жаңы социалдык объекттин курулушуна мезгил кутусу салынды. Бул тууралуу Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Курулуп жаткан имараттардын катарында Зулпуев айыл аймагындагы заманбап спорттук стадион, Кулатов айыл аймагындагы Апшыр-Ата орто мектеби, ошондой эле Эргешов жана Колдошев атындагы орто мектептер жана Уркуя Салиева атындагы тарыхый-маданий музей бар.

Ветеринардык көзөмөл посттору текшерилди

Ветеринардык көзөмөл посттору текшерилди

Баткен жана Ош облустарында мамлекеттик чек арадагы ветеринардык көзөмөл постторунун ишмердүүлүгү текшерилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору А. Сотовалдиевдин иш сапарынын жүрүшүндө “Кызыл-Бел”, “Кызыл-Кыя” жана “Достук” мамлекеттик чек ара ветеринардык көзөмөл посттору, ошондой эле “Кара-Суу”