Бажы кызматы КРнын аймагына жеңил унааларды ташып келүүнү талкуулады - бирок конкреттүү эч бир көйгөй айтылбады, чечилбеди

Бүгүн, 1-августта Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков менен үчүнчү өлкөлөрдөн КРнын аймагына жеңил автотранспорт каражаттарын ташып келүүчү тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучуларынын жолугушуусу болуп өткөнүн мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Жыйында КРнын бажы аймагына жеңил автотранспорт каражаттарын алып кирүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүү маселелери талкууланганын Бажы кызматынын басма сөз кызматы маалымдады.

“Бажы кызматы товарларды бажы жол-жоболоруна коюуда операцияларын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө, анын ичинде товарлардын берилген бажы наркын контролдоо бөлүгүндө маалымат берди.

Жолугушуунун жыйынтыгында Исабеков мындай жолугушууларды ай сайын өткөрүп туруу, келип чыккан маселелерди талкуулоо жана чечүү тапшырмасын берди”, – деп айтылат маалыматта.

Берилген маалыматка таянсак, чогулушта эч кандай деле конкреттүү маселе көтөрүлбөгөн, сунуштар берилбеген.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Токтогул шаары 5,3 млн сомго таштанды ташуучу унаа сатып алды

20-ноябрда Бишкектин кээ бир аймактарында суу берилбейт

Кыргызстан менен Казакстан салык тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Улуттук банк 1 коммерциялык банкка 5 миң 354 сом айып пул салды

Кыргыз-өзбек чек арасында бажы-логистикалык терминал ачылды