Бишкек мэриясы Биринчи май жана Свердлов райондорундагы таштанды чыгаруу кызматын аутсорсингге өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кароодо

Бишкек мэриясы Биринчи май жана Свердлов райондорундагы таштанды чыгаруу кызматын аутсорсингге өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кароодо

Бишкек мэриясы катуу калдыктарды чыгаруу системасын эффективдүү башкаруу үчүн бул кызматтарды эки райондо – Биринчи май жана Свердлов райондорунда аутсорсингге өткөрүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

“Тазалык” муниципалдык ишканасы Бишкектин Свердлов жана Ленин райондорунда акыркы 3 күндүн ичинде 1000 тоннадан ашык таштанды чыгарышкан.

Санитардык тазалоо иштерине 30дан ашык атайын техника жана 60 жүктөгүч тартылса, катуу тиричилик таштандыларын чыгарууга 25тен ашык атайын техника жана 55 жүктөгүч тартылган.

Ошондой эле мэрия катуу калдыктарды чыгаруу системасын эффективдүү башкаруу үчүн Биринчи Май жана Свердлов райондорун аутсорсингге берүү мүмкүнчүлүгү каралып жатканын билдирди.

Эскерте кетсек, “шаардыктардан «Тазалык» муниципалдык ишканасынын ишине байланыштуу көптөгөн арыз жана даттануулардан улам” борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров ишкананын директору Султан Алыбаевди жана анын орун басарын иштен алган.

Ишкананын жаңы директору болуп Нурлан Касымов, орун басары болуп Марат Алдашкуров дайындалган.

Кошумча окуңуз: Бишкек мэри «Тазалыктын» директорун иштен айдады — эми шаар таза болот деп убада берди

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги Киев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Бишкектеги Киев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

“Бишкекжылуулуктармагы” муниципалдык ишканасы Киев көчөсү Исанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү жабыла тургандыгын маалымдайт. Учурда ишкананын адистери тилкеде диаметри 89 мм жана 273 мм болгон жылуулук тармактарын алмаштыруу боюнча негизги иштерди аякташты. Иштерди этап-этабы менен оңдоп-түзөөнүн алкагында кийинки этап 27-июнда Киев жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде башталат.

Өлкө аймагында абанын табы 40 градуска жетери кабарланды

Өлкө аймагында абанын табы 40 градуска жетери кабарланды

Өлкө аймагында 28–29-июнда абанын температурасы кескин жогорулайт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүзгү температура 35–40°ка чейин жетет. Мындай ысык аба ырайынын учурунда организмди бир калыпта кармаш учун жана күн өтүп кетүүдөн сактануу үчүн:

Ноокатта 5 социалдык имараттын курулушу башталды

Ноокатта 5 социалдык имараттын курулушу башталды

Ноокат районунда беш жаңы социалдык объекттин курулушуна мезгил кутусу салынды. Бул тууралуу Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Курулуп жаткан имараттардын катарында Зулпуев айыл аймагындагы заманбап спорттук стадион, Кулатов айыл аймагындагы Апшыр-Ата орто мектеби, ошондой эле Эргешов жана Колдошев атындагы орто мектептер жана Уркуя Салиева атындагы тарыхый-маданий музей бар.

Ветеринардык көзөмөл посттору текшерилди

Ветеринардык көзөмөл посттору текшерилди

Баткен жана Ош облустарында мамлекеттик чек арадагы ветеринардык көзөмөл постторунун ишмердүүлүгү текшерилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору А. Сотовалдиевдин иш сапарынын жүрүшүндө “Кызыл-Бел”, “Кызыл-Кыя” жана “Достук” мамлекеттик чек ара ветеринардык көзөмөл посттору, ошондой эле “Кара-Суу”