Октябрда Кыргызстанда Аялдардын ишкердиги боюнча ЭКСПО - 2022 көргөзмөсү өтөт - өтүнмөлөрдү кабыл алуу башталды

Октябрда Кыргызстанда Аялдардын ишкердиги боюнча ЭКСПО - 2022 көргөзмөсү өтөт - өтүнмөлөрдү кабыл алуу башталды

26-27-октябрда өтүүчү Кыргызстанда Аялдардын ишкердиги ЭКСПО – 2022 көргөзмөсүнө катышуу үчүн өтүнмөлөрдү кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Accelerate Prosperity билдирди.

Көргөзмө Кыргызстандагы БУУнун Аялдар түзүмү тарабынан КыргызПатент мамлекеттик агенттиги, Кыргызстандагы аялдардын ишкердигин өнүктүрүү жана зомбулукту азайтуу боюнча коалициясы, Accelerate Prosperity демилгеси, Европа Биримдиги, Future growth initiatives (USAID), Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы жана Аялдардын ишкердиги үчүн каржылоо демилгеси ( WE-FI) менен биргеликте өткөрүлөт.

Women’s Entrepreneurship EXPO экономиканын бардык тармактарында жана өлкөнүн бардык аймактарындагы бизнес алып барган аялдарды чогултуу, окутуу жана нетворкинг үчүн аянтча катары иш жүргүзөт.

  • Өтүнмөлөрдү кабыл алуу 5-августта бүтөт.

26-27-октябрда катышуучулардын продукцияларынын көргөзмөсү өтүп, анда өз билимин бизнесте ийгиликтүү колдонгон 20 финалисттер потенциалдуу инвесторлорго өздөрүнүн өндүрүшүн жергиликтүү деңгээлде жана 10 финалисттер аймактык деңгээлде тартуулашат.

Women’s Entrepreneurship EXPO – бул аялдардын экономикалык коопсуздугун, укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, ишкердикти өнүктүрүү жана бизнеске тартуу үчүн түзүлгөн аянтча. Аянтча аялдардын көрүнүктүү болуусуна, бизнесин өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөрдү берет жана инклюзивдик рынокторду түзүүгө жардам көрсөтөт. Көргөзмө жыл сайын БУУнун Аялдар түзүмү тарабынан Чыгыш Европа жана Борбордук Азияда өткөрүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

26–28-август күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында жарандарга акысыз укуктук жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Юридикалык жардам кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Юстиция министрлигинин 100 жылдыгына карата уюштурулууда. Юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустарында атайын жайлар уюштурулат. Алардын арасында калкты тейлөө борборлору, айыл

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорунун кийинки этабы башталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Документ "Джунда" заводун

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алай районунда сел, жер көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Гүлчө шаарына караштуу Чакмак айылында жер көчкү коркунучун жоюу үчүн ӨКМдин атайын долбоору менен курулган дамбанын курулушу 100% аяктады. Сыноо иштеринен кийин бул аймактагы 13 турак үйгө жана

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500