Алкоголсуз суусундуктарга акциздин ставкасы он эсеге азайтылды - бирок январдан баштап көтөрүлөт

Алкоголсуз суусундуктарга акциздин ставкасы он эсеге азайтылды - бирок январдан баштап көтөрүлөт

Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы токтому менен алкоголсуз суусундуктарга акциздин ставкасы он эсеге – бир литр үчүн 10 сомдон 1 сомго чейин азайтылды. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын 1-июлунан тартып ТЭИ ТН 2202 товардык позициясында классификацияланган алкоголсуз суусундуктарды өндүрүүгө жана КРнын аймагына импорттоого акциз салыгы салынууга тийиш.

ТЭИ ТН 2202 товардык позициясында классификацияланган алкоголсуз суусундуктардын өндүрүлгөн же импорттолгон көлөмү үчүн акциз салыгы боюнча отчет берүү жана аны төлөө зарылдыгын Салык кызматы эскертет.

  • Кошумча маалыматты Салык кызматынын www.sti.gov.kg сайтынан, ошондой эле (0312) 61-17-94, 61-15-60 номерлери аркылуу алууга болот.

Эскерте кетсек, Экономика министрлиги 1-июлдан тарта күчүнө кирген энергетикалык алкоголсуз суусундуктарга акциз салыгын көтөрүүнү алып салуу демилгесин көтөрүп, 12-июлда тиешелүү токтомдун долбоору коомдук талкууга коюлган.

Анда министрлик 2022-жылдын 1-июлунан 31-декабрына чейинки мезгилде энергетикалык алкоголсуз суусундуктарга акциздик салыктын ставкасын литрине 10 сомдон 1 сомго чейин төмөндөтүүнү сунуштаган.

Акциз салыгынын ставкасын көтөрбөө сунушу демилгечилердин айтымында, бизнести колдоо, жогоруда аталган товарлар менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу жана алардын калкка жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, алардын баасынын кескин өсүшүнө жана ишкердик субъекттердин көмүскө жүгүртүүгө чыгып кетүүсүнө жол бербөө максатында сунушталууда.

Бирок 2023-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин энергетикалык суусундуктарга акциз салыгы мурда сунушталгандай 20 сом/литр, 2024-жылдын 1-январынан тарта 30 сом/литр болмокчу.

КРнын “Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” Мыйзамына ылайык, атайын багыттагы – сергитүүчү, анын ичинде организмге сергитүүчү натыйжаны камсыз кылуу үчүн жетиштүү сандагы кофеин жана (же) башка сергитүүчү компоненттерди камтыган энергетикалык алкоголсуз ичимдиктер сергитүүчү алкоголсуз суусундуктар болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

26–28-август күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында жарандарга акысыз укуктук жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Юридикалык жардам кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Юстиция министрлигинин 100 жылдыгына карата уюштурулууда. Юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустарында атайын жайлар уюштурулат. Алардын арасында калкты тейлөө борборлору, айыл

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорунун кийинки этабы башталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Документ "Джунда" заводун

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алай районунда сел, жер көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Гүлчө шаарына караштуу Чакмак айылында жер көчкү коркунучун жоюу үчүн ӨКМдин атайын долбоору менен курулган дамбанын курулушу 100% аяктады. Сыноо иштеринен кийин бул аймактагы 13 турак үйгө жана

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500