Коррупция: Оштогу мэрияга тиешелүү 200 субъект иш алып барган алтын базар эки жылдан бери ижара акысын төлөбөйт

Коррупция: Оштогу мэрияга тиешелүү 200 субъект иш алып барган алтын базар эки жылдан бери ижара акысын төлөбөйт

Ош шаарынын базар көчөсүндө (Шейит-Дөбө) жайгашкан мэриянын балансындагы алтын базар эки жылдан бери жергиликтүү казынага эч кандай ижара акысын төлөбөй келет. Бул тууралуу жергиликтүү T-media порталы жазды.

Жалпы аянты 27 сотых болгон жайда 200гө жакын субъект иш алып барат. Алар базардын ээсимин деген жаранга айына 800 сомдон 1500 сомго чейин акча төлөп турушкан.

Аталган медианын берген маалыматына ылайык, атайын тариф боюнча кичи базар ай сайын болжол менен 292 032 миң сом ижара акы төлөшү керек болгон. Бирок мекеме менен келишим түзүлгөндө ижара акысы дээрлик эки эсе азайтылып, 111 608 миң сом деп көрсөтүлгөн. Бирок бул сумма да эки жыл бою төлөнгөн эмес.

Эгерде тарифте көрсөтүлгөн суммада ижара акысы төлөнүп турган болсо жергиликтүү бюджетке болжолдуу 7 млн сомдон ашуун киреше түшмөк.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги Киев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Бишкектеги Киев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

“Бишкекжылуулуктармагы” муниципалдык ишканасы Киев көчөсү Исанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү жабыла тургандыгын маалымдайт. Учурда ишкананын адистери тилкеде диаметри 89 мм жана 273 мм болгон жылуулук тармактарын алмаштыруу боюнча негизги иштерди аякташты. Иштерди этап-этабы менен оңдоп-түзөөнүн алкагында кийинки этап 27-июнда Киев жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде башталат.

Өлкө аймагында абанын табы 40 градуска жетери кабарланды

Өлкө аймагында абанын табы 40 градуска жетери кабарланды

Өлкө аймагында 28–29-июнда абанын температурасы кескин жогорулайт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүзгү температура 35–40°ка чейин жетет. Мындай ысык аба ырайынын учурунда организмди бир калыпта кармаш учун жана күн өтүп кетүүдөн сактануу үчүн:

Ноокатта 5 социалдык имараттын курулушу башталды

Ноокатта 5 социалдык имараттын курулушу башталды

Ноокат районунда беш жаңы социалдык объекттин курулушуна мезгил кутусу салынды. Бул тууралуу Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Курулуп жаткан имараттардын катарында Зулпуев айыл аймагындагы заманбап спорттук стадион, Кулатов айыл аймагындагы Апшыр-Ата орто мектеби, ошондой эле Эргешов жана Колдошев атындагы орто мектептер жана Уркуя Салиева атындагы тарыхый-маданий музей бар.

Ветеринардык көзөмөл посттору текшерилди

Ветеринардык көзөмөл посттору текшерилди

Баткен жана Ош облустарында мамлекеттик чек арадагы ветеринардык көзөмөл постторунун ишмердүүлүгү текшерилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору А. Сотовалдиевдин иш сапарынын жүрүшүндө “Кызыл-Бел”, “Кызыл-Кыя” жана “Достук” мамлекеттик чек ара ветеринардык көзөмөл посттору, ошондой эле “Кара-Суу”