Министрликтеги кызматкерлердин маянасы канчага көбөйөт? - 196%дан 232%га чейин көтөрүлөт

Министрликтеги кызматкерлердин маянасы канчага көбөйөт? - 196%дан 232%га чейин көтөрүлөт

2022-жылдын 1-августунан тарта өлкөнүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин эмгек акылары көтөрүлдү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Президент Садыр Жапаров «КРнын мамлекеттик жарандык кызматчылары менен муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Мисалы, министрликтин бөлүм башчысынын учурдагы акы төлөө шарттарына ылайык, социалдык чегерүүлөрдү жана салыктарды эске алуу менен чегерилген эмгек акысы орточо эсеп менен 34 миң 445 сомду түзүп келген болсо, бүгүн 1-августтан тартып, алардын эмгек акысы 67 миң 749 сомду түзөт.

Эмгек акынын өсүшү орто эсеп менен 196.7%ды түзөт.

Ал эми министрликтин жетектөөчү адисинин учурдагы эмгек акы төлөө шарттарына ылайык, социалдык чегерүүлөрдү жана салыктарды эске алуу менен чегерилген эмгек акысы 21 миң сомду түзүп келген болсо, 1-августтан тартып эмгек акысы 49 миң 12 сомду түзөт.

Эмгек акынын өсүшү орто эсеп менен 232.3%ды түзөт.

“Бул чечимдин негизги максаты – өлкөнүн мамлекеттик жарандык кызматчылары менен муниципалдык кызматчыларынын ишинин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу үчүн материалдык жактан кызыктыруу жана шарттарды түзүү, ошондой эле жогорку квалификациялуу кадрларды тартуу жана мамлекеттик башкаруу секторунда коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу“, – деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

26–28-август күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында жарандарга акысыз укуктук жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Юридикалык жардам кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Юстиция министрлигинин 100 жылдыгына карата уюштурулууда. Юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустарында атайын жайлар уюштурулат. Алардын арасында калкты тейлөө борборлору, айыл

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорунун кийинки этабы башталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Документ "Джунда" заводун

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алай районунда сел, жер көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Гүлчө шаарына караштуу Чакмак айылында жер көчкү коркунучун жоюу үчүн ӨКМдин атайын долбоору менен курулган дамбанын курулушу 100% аяктады. Сыноо иштеринен кийин бул аймактагы 13 турак үйгө жана

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500