Ош шаарында Өзбекстандын импортерлору катышкан бизнес-форум өтөт

Ош шаарында Өзбекстандын импортерлору катышкан  бизнес-форум өтөт

5-августта Ош шаарында бизнес-форум өтөт. Ага Өзбекстандын импортерлору жана атамекендик экспортерлор катышат. Аталган иш-чара «Ишкер» бизнес-клубунун техникалык колдоосунда уюштурулуп жатат.

Форумда фермерлер айыл чарба продукциялары жөнүндө презентация жасашат жана алардын көргөзмөсү да болот. Бул платформа коңшу өлкөнүн рыногуна айыл чарба продукцияларын экспорттоо жөндөмдүүлүгүн ачып берет деп күтүлүүдө.

Уюштурулуп жаткан иш-чаранын максаты – айыл чарба продукциясын экспорттоо чөйрөсүндөгү соода-базар мамилелерин кеңейтүү болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

“Кызмат” мамлекеттик ишканысынын эки кызматкери кармалды

“Кызмат” мамлекеттик ишканысынын эки кызматкери кармалды

Ош шаарындагы "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин 2 кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, “Кызмат” мекемесинин кызматкерлери акча талап кылууга шектелип жатканын белгиледи. Шектүлөр кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтар үчүн акча алып келишкен. Кармалгандар чет өлкөлүк жарандардын өлкөдө жүрүүсүн мыйзамсыз легалдаштырып турушкан.

Кыргызстан менен Россиянын соода жүгүртүүсү 2,7%га кыскарды

Кыргызстан менен Россиянын соода жүгүртүүсү 2,7%га кыскарды

2026-жылдын январь–февраль айларында Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы товар жүгүртүү өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 2,7%га азайганы Улуттук статистика комитети жарыялаган маалыматтардын талдоосунда айтылат. Эки айдын жыйынтыгы боюнча өлкөлөр ортосундагы соода көлөмү 551,5 млн долларды түзгөн. Россия Кыргызстанга 452,1 млн долларлык товар жеткирген. Ал эми

Кыргызстан Корея менен технологиялык өнөктөштүктү күчөтөт

Кыргызстан Корея менен технологиялык өнөктөштүктү күчөтөт

Эл аралык кызматташууну өнүктүрүүнүн алкагында Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров менен Түштүк Кореянын LNC Elecom Co. Ltd компаниясынын башкы директору Ли Су-Янг ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти. Аталган компания жогорку технологиялык чечимдер багытында иш алып барып, кайра жаралуучу энергетика, электромобилдүүлүк,

Ошто 700 орундуу заманбап мектеп курулуп жатат

Ошто 700 орундуу заманбап мектеп курулуп жатат

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ош шаарындагы Ишкаван айылында жаңы, заманбап мектептин курулушу жүрүп жатат. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан ишке ашырылууда. Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, башкы планга ылайык, мектептин жалпы аянты 5613 чарчы метрди түзүп, имарат 3 кабаттан турат. Билим берүү