Президент Кыргызстандын Япониядагы жана Түркмөнстандагы элчилерин кызматынан бошотту

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Япониядагы жана Түркмөнстандагы элчилер кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Мирлан Арстанбаев КРнын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, ишин айкалыштыруу боюнча Токио шаарындагы резиденциясы менен КРнын Австралиядагы, Жаңы Зеландиядагы жана Филиппин Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматынан бошотулду.

Ушул эле күндөгү президенттин дагы бир жарлыгына ылайык, Талант Султанов КРнын Түркмөнстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматынан алынды.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Токтогул шаары 5,3 млн сомго таштанды ташуучу унаа сатып алды

20-ноябрда Бишкектин кээ бир аймактарында суу берилбейт

Кыргызстан менен Казакстан салык тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Улуттук банк 1 коммерциялык банкка 5 миң 354 сом айып пул салды

Кыргыз-өзбек чек арасында бажы-логистикалык терминал ачылды