Тамекинин баасы ар жарым жылда туруктуу көтөрүлүп турат - минкаб токтом долбоорун иштеп чыкты

Тамекинин баасы ар жарым жылда туруктуу көтөрүлүп турат - минкаб токтом долбоорун иштеп чыкты

Кыргызстандын бийлиги жакынкы 5 жылда жөнөкөй жана электрондук тамекилердин минималдуу чекене баасын туруктуу көтөрүүнү пландоодо. Андыктан минкаб “Тамеки жана никотин курамдуу заттардын минималдуу чекене бааларын белгилөө тууралуу” токтомунун долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Бийлик бул токтомдун максаты жана милдети республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү, тамеки жана никотин камтыган продукцияны керектөөнү кыскартуу, калктын саламаттыгын чыңдоо болуп саналат деп түшүндүрдү.

Минкаб чыпкалуу жана чыпкасыз сигареттерге минималдык чекене бааны этап менен ар бир жарым жылда 5 сомго жогорулатууну сунуш кылынууда.

Ал эми бир корпуста никотин суюктугу менен бир жолу колдонулуучу электрондук никотин жеткирүү тутумдарына минималдуу чекене бааларды ар бир жарым жылда 50 сомго көбөйтүүнү карашууда.

“Бүгүнкү күндө бир жолку колдонулуучу никотинди жеткирүүчү электрондук системанын наркы орточо 250-300 сомду түзөт.

Ушуга байланыштуу бир жолку колдонулуучу никотинди жеткирүүчү электрондук системанын  минималдык чекене баасынын өлчөмүн 2022-жылдын 1-январынан тартып бир курулмага 300 сом андан ары жыл сайын 100 сомго жогорулатуу менен минималдык чекене  бааны 700 сомго жеткирүү сунуш кылынууда”, – деп айтылат негиздемеде.

Ошондой эле минкаб минималдуу чекене баалардын сунушталып жаткан деңгээли жана анын 5 жылдын ичинде өсүү динамикасы калктын кирешесинин өсүү деңгээли менен өз ара байланышы боюнча эң оптималдуу болуп саналат жана  мамлекеттик бюджеттин кирешелерин пландаштырууну жана жакынкы 5 жылга ишкерлер үчүн пландаштыруунун туруктуулугун камсыз кылат, ошондой эле тамеки рыногундагы иш жүзүндөгү баа конъюнктурасына ылайык келет деп билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

26–28-август күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында жарандарга акысыз укуктук жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Юридикалык жардам кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Юстиция министрлигинин 100 жылдыгына карата уюштурулууда. Юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустарында атайын жайлар уюштурулат. Алардын арасында калкты тейлөө борборлору, айыл

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорунун кийинки этабы башталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Документ "Джунда" заводун

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алай районунда сел, жер көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Гүлчө шаарына караштуу Чакмак айылында жер көчкү коркунучун жоюу үчүн ӨКМдин атайын долбоору менен курулган дамбанын курулушу 100% аяктады. Сыноо иштеринен кийин бул аймактагы 13 турак үйгө жана

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500