Январь-июль айларында пенсия жана жөлөкпулга бюджеттен 31.8 млрд сом каралды

2022-жылдын январь-июль айларында пенсия жана жөлөкпулга 31 млрд 875 млн сом каржыланды. Бул тууралуу Соцфонддун маалымат кызматы билдирди.

Каражат эң көп Ош облусуна бөлүнгөн жана бул аталган облустагы калктын жыштыгы менен түшүндүрүлөт.

Бишкек шаары  — 5 млрд 144.7 млн сом

  • Чуй облусу — 4 млрд 815.9 млн сом
  • Нарын облусу — 2 млрд 533.5 млн сом
  • Иссык-Көл облусу — 2 млрд 898.1 млн сом
  • Талас облусу — 1 млрд 318.7 млн сом
  • Ош шаары — 1 млрд 141.9 млн сом
  • Ош облусу — 5 млрд 845.1 млн сом
  • Баткен облусу — 2 млрд 691.9 млн сом
  • Жалал-Абад облусу — 5 млрд 485.2 млн сом.

Пенсия жана жөлөкпулдардын каржылануусу 2022-жылдын июль айына 4 млрд 548.2 млн сомду түздү.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Токтогул шаары 5,3 млн сомго таштанды ташуучу унаа сатып алды

20-ноябрда Бишкектин кээ бир аймактарында суу берилбейт

Кыргызстан менен Казакстан салык тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Улуттук банк 1 коммерциялык банкка 5 миң 354 сом айып пул салды

Кыргыз-өзбек чек арасында бажы-логистикалык терминал ачылды