«Бишкекжылуулук тармагы» 5 миллиондон ашык акциясын жокко чыгарат

«Бишкекжылуулук тармагы» ААК сатып алынган 5 миллиондон ашык акциясын жокко чыгарды. Мындай чечим 26-июлда акционерлердин кезексиз жалпы жыйынында кабыл алынганын Кыргыз фондулук биржасынан (КФБ) билдиришти.

Жүгүртүлүүчү акциялардын санын кыскартуу үчүн 5 150 738 акция жокко чыгарылат.

Акционерлер ошондой эле «Бишкекжылуулук тармагынын» уставдык капиталын дээрлик 2 млн сомго кыскартууну чечишкенин КФБдан билдиришти.

Мындан тышкары, чогулуштун жыйынтыгы боюнча компаниянын директорлор кеңешинин мүчөлөрү болгон Максат Жумабаев, Равшанбек Касымов, Акылбек Исаков жана Аскат Абылаевдердин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Токтогул шаары 5,3 млн сомго таштанды ташуучу унаа сатып алды

20-ноябрда Бишкектин кээ бир аймактарында суу берилбейт

Кыргызстан менен Казакстан салык тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Улуттук банк 1 коммерциялык банкка 5 миң 354 сом айып пул салды

Кыргыз-өзбек чек арасында бажы-логистикалык терминал ачылды