Жыл башынан бери 20 миңден ашуун субъект ККМ менен иштөөгө өттү - жалпы 52 миң ККМ колдонулууда

Жыл башынан бери 20 миңден ашуун субъект ККМ менен иштөөгө өттү - жалпы 52 миң ККМ колдонулууда

Кыргызстанда ушул жылдын 6 айында ККМди колдонгон компаниялардын соодадан түшкөн каражаты 698.1 млрд сомду түздү жана жалпысынан өлкөдө 52 миңдей ККМ колдонулууда. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматы кабарлады.

Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 351.8 млрд сомго көп. Өсүү темпи 201.6 %ды түздү.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын башынан бери 20 миңден ашуун субъекттер ККМ менен иштөөгө өтүштү. Жалпысынан бүгүнкү күндө өлкө боюнча 52 миңден ашуун ККМ колдонулууда.

ККМ-онлайнды киргизүүнүн аркасында Салык кызматынын маалымат базасына келип түшкөн акчалай эсептешүүлөр жөнүндө маалыматтар ишкерлердин ишин, анын ичинде экономикалык ишмердүүлүгүн көчмө текшерүүлөрдү жүргүзбөстөн талдоого мүмкүндүк берүүдө.

Эске салсак, 2022-жылдын 10-майынан тартып Салык кызматы “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясын өткөрүүдө, анын негизги милдети – товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда кыргызстандыктарды кассалык чектерди талап кылууга кызыктыруу болуп саналат.

Бүгүнкү күндө лотереяга 95 миңден ашуун жаран катышууда, “Салык чек” тиркемеси аркылуу алар 6.1 млрд сомдон ашык суммадагы кассалык чектерди сканерлешти. Лотереянын экинчи утушу 1-октябрда өтөт.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

26–28-август күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында жарандарга акысыз укуктук жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Юридикалык жардам кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Юстиция министрлигинин 100 жылдыгына карата уюштурулууда. Юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустарында атайын жайлар уюштурулат. Алардын арасында калкты тейлөө борборлору, айыл

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорунун кийинки этабы башталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Документ "Джунда" заводун

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алай районунда сел, жер көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Гүлчө шаарына караштуу Чакмак айылында жер көчкү коркунучун жоюу үчүн ӨКМдин атайын долбоору менен курулган дамбанын курулушу 100% аяктады. Сыноо иштеринен кийин бул аймактагы 13 турак үйгө жана

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500