Бишкектин Октябрь райондук администрациясы менен «Комтранском» ЖЧКнын ортосунда соттук териштирүүлөр жүрүүдө

Бишкектин Октябрь райондук администрациясы менен «Комтранском» ЖЧКнын ортосунда соттук териштирүүлөр жүрүүдө

Учурда Октябрь райондук администрациясы менен «Комтранском» ЖЧКсынын ортосунда соттук териштирүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Соттук териштирүүгө «Комтранском» ишканасынын көптөгөн мыйзам бузуулары жана катуу тиричилик таштандыларын чыгаруу графиги бузулганы себеп болгон.

“Өз кезегинде “Комтранскомдун” өкүлдөрү техникалык көйгөйлөр жаралып, бүгүнкү күндө кырдаалды жөнгө салганын түшүндүрүштү. Октябрь районунда чогулган таштандылардын алуу иштери жүрүп жатат”, – дейт мэрия.

Эске салсак, 2016-жылы “Тазалык” ишканасы тарабынан жарыяланган пилоттук долбоордун алкагында Октябрь районунан катуу таштандыларды чыгаруу жеке компанияга өткөн. Пилоттук долбоордун жеңүүчүсү деп «Комтранском» ЖЧКсы таанылган.

Мындан тышкары, учурда Бишкек мэриясы катуу калдыктарды чыгаруу системасын эффективдүү башкаруу үчүн бул кызматтарды эки райондо – Биринчи май жана Свердлов райондорунда аутсорсингге өткөрүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат. 

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги Киев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Бишкектеги Киев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

“Бишкекжылуулуктармагы” муниципалдык ишканасы Киев көчөсү Исанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү жабыла тургандыгын маалымдайт. Учурда ишкананын адистери тилкеде диаметри 89 мм жана 273 мм болгон жылуулук тармактарын алмаштыруу боюнча негизги иштерди аякташты. Иштерди этап-этабы менен оңдоп-түзөөнүн алкагында кийинки этап 27-июнда Киев жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде башталат.

Өлкө аймагында абанын табы 40 градуска жетери кабарланды

Өлкө аймагында абанын табы 40 градуска жетери кабарланды

Өлкө аймагында 28–29-июнда абанын температурасы кескин жогорулайт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүзгү температура 35–40°ка чейин жетет. Мындай ысык аба ырайынын учурунда организмди бир калыпта кармаш учун жана күн өтүп кетүүдөн сактануу үчүн:

Ноокатта 5 социалдык имараттын курулушу башталды

Ноокатта 5 социалдык имараттын курулушу башталды

Ноокат районунда беш жаңы социалдык объекттин курулушуна мезгил кутусу салынды. Бул тууралуу Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Курулуп жаткан имараттардын катарында Зулпуев айыл аймагындагы заманбап спорттук стадион, Кулатов айыл аймагындагы Апшыр-Ата орто мектеби, ошондой эле Эргешов жана Колдошев атындагы орто мектептер жана Уркуя Салиева атындагы тарыхый-маданий музей бар.

Ветеринардык көзөмөл посттору текшерилди

Ветеринардык көзөмөл посттору текшерилди

Баткен жана Ош облустарында мамлекеттик чек арадагы ветеринардык көзөмөл постторунун ишмердүүлүгү текшерилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору А. Сотовалдиевдин иш сапарынын жүрүшүндө “Кызыл-Бел”, “Кызыл-Кыя” жана “Достук” мамлекеттик чек ара ветеринардык көзөмөл посттору, ошондой эле “Кара-Суу”