КР билим берүү тармагына Араб координациялык тобунан 75 млн доллар алат

КР билим берүү тармагына Араб координациялык тобунан 75 млн доллар алат

Чолпон-Ата шаарында Араб координациялык тобунун төртүнчү кеңешмеси жыйынтыкталды. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.

Араб координациялык тобунун мүчөлөрү ошондой эле министрлер кабинети тарабынан социалдык турак жай, транспорттук инфраструктура, суу менен камсыздоо жана канализация, саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармагындагы сунушталган артыкчылыктуу долбоорлордун тизмесин карап чыгып, талкууга алышты.

Кеңешмеде Ислам өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү Билим берүү боюнча глобалдык өнөктөштүк менен Араб координациялык тобу ортосундагы өнөктөштүктү мобилизациялоо демилгеси боюнча бет ачар  сунуштады. 

“Араб координациялык тобу 500 млн долларды мобилизациялады, ал билим берүү тармагындагы реформаларды жүргүзүү үчүн Билим берүү боюнча глобалдык өнөктөштүк гранттары менен бириктирилет.

Жогорудагы макулдашууларга ылайык, КР бул тармакты өнүктүрүү үчүн Билим берүү боюнча глобалдык өнөктөштүктүн 15 млн долларлык гранттык каражаттары менен бирге Араб координациялык тобунан 60 млн доллар алууга укуктуу. Министрлер кабинети аталган программаны ишке ашырууга катышууга кызыкдар экендигин билдирди”, – деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

26–28-август күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында жарандарга акысыз укуктук жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Юридикалык жардам кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Юстиция министрлигинин 100 жылдыгына карата уюштурулууда. Юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустарында атайын жайлар уюштурулат. Алардын арасында калкты тейлөө борборлору, айыл

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорунун кийинки этабы башталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Документ "Джунда" заводун

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алай районунда сел, жер көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Гүлчө шаарына караштуу Чакмак айылында жер көчкү коркунучун жоюу үчүн ӨКМдин атайын долбоору менен курулган дамбанын курулушу 100% аяктады. Сыноо иштеринен кийин бул аймактагы 13 турак үйгө жана

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500