Нарында кайра иштетүү менен электр энергиясын өндүрүүнүн эсебинен улам өндүрүш 150%га өстү

Нарында кайра иштетүү менен электр энергиясын өндүрүүнүн эсебинен улам өндүрүш 150%га өстү

Бүгүн, 4-августа Нарында акыркы алты айда облуста аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгарган коллегия өтүп жатат. Анда үстүбүздөгү жылдын январь-июнь айларындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары боюнча маселе каралууда. Бул тууралуу “Нарын медиа борбору” билдирди.

Облус башчысынын орун басары Адыл Сапаров облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча маалымат берген. Анын айтымында, алты айда 1786.8 млн сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, өсүү темпи 150.6%ды түзгөн. Бул көрсөткүч өткөн жылдын алты айына салыштырганда 208.8 млн сомго көбөйгөн.

“Өнөр жайдын өсүшү кайра иштетүү менен электр энергиясын өндүрүүдөн улам көбөйгөн. Ошондой эле облуста жыл сайын малдын башы дагы өсүш берип, ири мүйүздүү мал 12 миң 523, кой-эчки 12 миң 761, жылкы 6203 башка көбөйгөн”, – деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми “Айылды инвестициялоо-3” долбоору менен алты ай ичинде 30 млн сомдук 4 ири долбоор ишке берилген.


Бирок белгилей кетүүчү жагдай, КРда жарым жылда керектөө баалары 9%га кымбаттаса, эң көп баалар Нарын облусунда (12%) көтөрүлгөн.

Мындан тышкары окуңуз

“Кызмат” мамлекеттик ишканысынын эки кызматкери кармалды

“Кызмат” мамлекеттик ишканысынын эки кызматкери кармалды

Ош шаарындагы "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин 2 кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, “Кызмат” мекемесинин кызматкерлери акча талап кылууга шектелип жатканын белгиледи. Шектүлөр кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтар үчүн акча алып келишкен. Кармалгандар чет өлкөлүк жарандардын өлкөдө жүрүүсүн мыйзамсыз легалдаштырып турушкан.

Кыргызстан менен Россиянын соода жүгүртүүсү 2,7%га кыскарды

Кыргызстан менен Россиянын соода жүгүртүүсү 2,7%га кыскарды

2026-жылдын январь–февраль айларында Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы товар жүгүртүү өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 2,7%га азайганы Улуттук статистика комитети жарыялаган маалыматтардын талдоосунда айтылат. Эки айдын жыйынтыгы боюнча өлкөлөр ортосундагы соода көлөмү 551,5 млн долларды түзгөн. Россия Кыргызстанга 452,1 млн долларлык товар жеткирген. Ал эми

Кыргызстан Корея менен технологиялык өнөктөштүктү күчөтөт

Кыргызстан Корея менен технологиялык өнөктөштүктү күчөтөт

Эл аралык кызматташууну өнүктүрүүнүн алкагында Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров менен Түштүк Кореянын LNC Elecom Co. Ltd компаниясынын башкы директору Ли Су-Янг ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти. Аталган компания жогорку технологиялык чечимдер багытында иш алып барып, кайра жаралуучу энергетика, электромобилдүүлүк,

Ошто 700 орундуу заманбап мектеп курулуп жатат

Ошто 700 орундуу заманбап мектеп курулуп жатат

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ош шаарындагы Ишкаван айылында жаңы, заманбап мектептин курулушу жүрүп жатат. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан ишке ашырылууда. Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, башкы планга ылайык, мектептин жалпы аянты 5613 чарчы метрди түзүп, имарат 3 кабаттан турат. Билим берүү