Татарстандык, Башкортостандык бизнес делегация КРда жергиликтүү ишкерлер менен жолугушууда - азырынча 2 келишим түзүлдү

Татарстандык, Башкортостандык бизнес делегация КРда жергиликтүү ишкерлер менен жолугушууда - азырынча 2 келишим түзүлдү

2-августта Кыргызстанга Татарстан менен Башкортостандан бизнес-форумга катышуу үчүн бизнес делегация келген. КР Соода өнөр жай палатасы уюштурган форумдун алкагында чет элдик делегация ата мекендик ишкерлер менен жолугушууларды өткөрүүдө.

3-августта өткөн иш-чарага үч өлкөдөн 50дөн ашык компаниядан 70тей ишкерлер катышкан. Анда Башкортостан менен Татарстандын компаниялары өз продукцияларынын презентацияларын өткөрүшүп, андан соң Кыргызстан менен Башкортостандын соода өнөр жай палаталарынын ортосунда кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлган.

“Мындан тышкары, «СтандартПродМаш» ЖЧКсы менен «Туура Булак» ЖЧКсынын ортосунда, ошондой эле Sky Industrial Group менен “МТКнын” ортосунда РФга лифт жабдууларын жеткирүү боюнча кызматташууга келишим түзүлдү”, – деп билдирди СӨП.

Делегацияны ТР Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Шамил Агеев жана Башкортостандан Соода-өнөр жай палатасынын президенти Тимур Хакимов жетектеп жүрөт. РФнын бизнес өкүлдөрү кызматташуу үчүн өнөктөштөрдү табууга, байланыш түзүүгө кызыкдар жана алар 8-августка чейин Кыргызстанда болуп, жергиликтүү ишкерлер менен жолугушууларды өткөрмөкчү.

Бүгүн КР Соода-өнөр жай палатасы аларга Чүй облусундагы ишканаларда көчмө жыйындарды уюштурат, андан соң делегация Ысык-Көл жана Ош облусунда жергиликтүү ишкерлер менен жолугушат.

Белгилей кетсек, делегациянын курамында курулуш материалдарын жана өнөр жай жабдууларын, эмеректерди, трикотаж буюмдарын, жумушчу кийимдерди, азык-түлүк чийки затын, өсүмдүк майын өндүрүүчүлөр, ошондой эле эл аралык транспорт жана онлайн билим берүү компаниялары бар.

 

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

26–28-август күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында жарандарга акысыз укуктук жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Юридикалык жардам кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Юстиция министрлигинин 100 жылдыгына карата уюштурулууда. Юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустарында атайын жайлар уюштурулат. Алардын арасында калкты тейлөө борборлору, айыл

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорунун кийинки этабы башталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Документ "Джунда" заводун

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алай районунда сел, жер көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Гүлчө шаарына караштуу Чакмак айылында жер көчкү коркунучун жоюу үчүн ӨКМдин атайын долбоору менен курулган дамбанын курулушу 100% аяктады. Сыноо иштеринен кийин бул аймактагы 13 турак үйгө жана

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500