Жалал-Абад аэропортун көчүрүү каралууда - долбоор даярдалып, жер бөлүнүп, инвесторлорго көрсөтүлдү

Жалал-Абад аэропортун көчүрүү каралууда - долбоор даярдалып, жер бөлүнүп, инвесторлорго көрсөтүлдү

Жалал-Абад аэропортун көчүрүү аракети каралууда. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эркинбек Маматаев Түркиянын Анталия шаарында иш алып барган “Лиманталия Гайрименкул иншаат туризм” компаниясынын жетекчилери менен жолугушуу учурунда билдиргенин мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

“Облус башчысынын орун басары компания башчыларына шаар ичиндеги Жалал-Абад аэропортун көчүрүү, ал үчүн атайын болбоор даярдалып, жер аянты ажыратылып жатканын белгиледи. Бул облусту өнүктүрүүдөгү ири демилгелердин бири экенин, аны ишке ашырууга жергиликтүү бийлик ар тараптуу көмөк көрсөтөөрүн кошумчалады”, – деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле түркиялык инвесторлорго Сузак районунун Ленин жана Көк-Арт айыл аймагынан аэропорт куруу үчүн пландалып жаткан 270 гектардан ашуун болгон жер аянты көрсөтүлдү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө алдыда тандалган жердин авиация тармагында иштетүү, коопсуздук маселелери тийиштүү кызматтар тарабынан текшерилээри белгиленди.

Мындан сырткары, жолугушууда аймактагы медицина тармагын жакшыртуу үчүн облустук оорукананын төрөт бөлүмүнө кошумча имарат салуу, шаар тазалыгын сактоодо таштандыны кайра иштетүү заводун куруу сунушу айтылган.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

26–28-август күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында жарандарга акысыз укуктук жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Юридикалык жардам кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Юстиция министрлигинин 100 жылдыгына карата уюштурулууда. Юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустарында атайын жайлар уюштурулат. Алардын арасында калкты тейлөө борборлору, айыл

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорунун кийинки этабы башталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Документ "Джунда" заводун

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алай районунда сел, жер көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Гүлчө шаарына караштуу Чакмак айылында жер көчкү коркунучун жоюу үчүн ӨКМдин атайын долбоору менен курулган дамбанын курулушу 100% аяктады. Сыноо иштеринен кийин бул аймактагы 13 турак үйгө жана

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500