Жалал-Абад облусунун 101 айылы араб донорлорунун эсебинен таза суу менен камсыз болот

Жалал-Абад облусунун 101 айылы араб донорлорунун эсебинен таза суу менен камсыз болот

Ислам өнүктүрүү банкы жана Сауд өнүктүрүү фонду Жалал-Абад облусунун 101 айылын, ошондой эле Кара-Балта жана Сүлүктү шаарларын ичүүчү таза суу менен камсыздаган долбоорлоруна акча берет. Бул тууралуу коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) директору Марс Наспеков билдирди дейт 24.kg.

Анын айтымында, Чолпон-Ата шаарында өткөн Араб координациялык кеңешинин төртүнчү жыйынынын алкагында, Жалал-Абад облусунун 175 айылын таза суу менен камсыздоо долбоорлору донорлорго сунушталды. Жыйынтыгында, 101 айыл жана 2 шаар каржылана турган болгон.

«Жалпысынан долбоор 355 миң адамды камтыйт. Биз Кыргызстанда ИӨБ менен көптөн бери долбоорлорду ишке ашырып келебиз. Буга чейин макулдашылгандардын 85%ын бүтүрдүк», – деди Марс Наспеков.

Инвестициянын суммасы айтыла элек.


Эске салсак, 2017-2022-жылдар аралыгында Жалал-Абад облусунун 25 айылында айылдарды таза суу менен камсыздоону жана канализацияны жакшыртуу долбоору ишке ашырылган. Бул долбоорго 23 млн доллар керектелген, анын ичинен 15 млн доллары ИӨБдан, 5 млн доллары Ислам тилектештик фондунан алынган кредит болгон. Дагы 3 млн доллар министрлер кабинети тарабынан бөлүнгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги Киев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Бишкектеги Киев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

“Бишкекжылуулуктармагы” муниципалдык ишканасы Киев көчөсү Исанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү жабыла тургандыгын маалымдайт. Учурда ишкананын адистери тилкеде диаметри 89 мм жана 273 мм болгон жылуулук тармактарын алмаштыруу боюнча негизги иштерди аякташты. Иштерди этап-этабы менен оңдоп-түзөөнүн алкагында кийинки этап 27-июнда Киев жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде башталат.

Өлкө аймагында абанын табы 40 градуска жетери кабарланды

Өлкө аймагында абанын табы 40 градуска жетери кабарланды

Өлкө аймагында 28–29-июнда абанын температурасы кескин жогорулайт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүзгү температура 35–40°ка чейин жетет. Мындай ысык аба ырайынын учурунда организмди бир калыпта кармаш учун жана күн өтүп кетүүдөн сактануу үчүн:

Ноокатта 5 социалдык имараттын курулушу башталды

Ноокатта 5 социалдык имараттын курулушу башталды

Ноокат районунда беш жаңы социалдык объекттин курулушуна мезгил кутусу салынды. Бул тууралуу Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Курулуп жаткан имараттардын катарында Зулпуев айыл аймагындагы заманбап спорттук стадион, Кулатов айыл аймагындагы Апшыр-Ата орто мектеби, ошондой эле Эргешов жана Колдошев атындагы орто мектептер жана Уркуя Салиева атындагы тарыхый-маданий музей бар.

Ветеринардык көзөмөл посттору текшерилди

Ветеринардык көзөмөл посттору текшерилди

Баткен жана Ош облустарында мамлекеттик чек арадагы ветеринардык көзөмөл постторунун ишмердүүлүгү текшерилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору А. Сотовалдиевдин иш сапарынын жүрүшүндө “Кызыл-Бел”, “Кызыл-Кыя” жана “Достук” мамлекеттик чек ара ветеринардык көзөмөл посттору, ошондой эле “Кара-Суу”