1-сентябрга чейин транспорт жана турак жай салыгы боюнча маалыматтык эсеп берилиши керек

1-сентябрга чейин транспорт жана турак жай салыгы боюнча маалыматтык эсеп берилиши керек

Мамлекеттик салык кызматы 1-сентябрга чейин учурдагы салык мезгили үчүн транспорт каражатына жана турак жайга салык боюнча маалыматтык эсепти толтуруп, салык органына тапшыруу керектигин эскертет.

Алсак, салык төлөгөнгө чейин төмөнкүлөр тапшырылышы керек:

  • транспорт каражатына мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсеп формасы (FORM STI-090)
  • турак жай имаратына, курулмага жана жайга мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсеп формасы (FORM STI-086).

Маалыматтык эсепти электрондук түрдө Salyk.kg “жеке кабинети” аркылуу же салык органына баруу менен кагаз түрүндө тапшырса болот.

Маалыматтык эсепти өз убагында бербегендиги үчүн административдик айып каралган.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто тез жардам борборунун жаңы имараты курула баштады

Ошто тез жардам борборунун жаңы имараты курула баштады

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев жана Ош шаарынын мэри Жанар Акаев 94 жыл мурда курулган тез жардам борборунун имаратындагы курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Курулуш министрлиги билдиргендей, жаңы тез жардам борбору бардык заманбап талаптарга жооп берген эки кабаттуу имарат болот. Анда медициналык кызматкерлер үчүн ыңгайлуу

Ишкерлерди колдоого багытталган жаңы кадамдар талкууланды

Ишкерлерди колдоого багытталган жаңы кадамдар талкууланды

Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Беназир Нурланова Жапониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө чакан жана орто ишкерликти өнүктүрүү, бизнеске мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелери каралды. Тараптар чакан жана орто ишкерликти

Бишкектеги Киев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Бишкектеги Киев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

“Бишкекжылуулуктармагы” муниципалдык ишканасы Киев көчөсү Исанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү жабыла тургандыгын маалымдайт. Учурда ишкананын адистери тилкеде диаметри 89 мм жана 273 мм болгон жылуулук тармактарын алмаштыруу боюнча негизги иштерди аякташты. Иштерди этап-этабы менен оңдоп-түзөөнүн алкагында кийинки этап 27-июнда Киев жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде башталат.

Өлкө аймагында абанын табы 40 градуска жетери кабарланды

Өлкө аймагында абанын табы 40 градуска жетери кабарланды

Өлкө аймагында 28–29-июнда абанын температурасы кескин жогорулайт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүзгү температура 35–40°ка чейин жетет. Мындай ысык аба ырайынын учурунда организмди бир калыпта кармаш учун жана күн өтүп кетүүдөн сактануу үчүн: