Араб донорлору Кыргызстандын билим берүү тармагына 100 млн доллар бөлөт, анын 85 млн доллары - кредит

Араб донорлору Кыргызстандын билим берүү тармагына 100 млн доллар бөлөт, анын 85 млн доллары - кредит

Билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев Араб координациялык тобу (АКТ) менен каржылык колдоо көрсөтүү боюнча макулдашты. Бул тууралуу кечээ, 4-августта Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министр келишимге ылайык, Кыргызстан АКТдан 15 млн доллар грант жана 85 млн доллар насыя алууга укуктуу экенин билдирди.

Грант билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана окуу китептери менен камсыз кылууга багытталат. Ислам өнүктүрүү банкынан, Абу-Даби өнүктүрүү фондунан жана AКТнын башка мүчөлөрүнөн алынган насыянын жарымы бала бакчаларды курууга, калган жарымы мектептерди курууга жумшалат.

«Натыйжада, дагы 45 миң бала мектепке чейинки билим берүү менен камсыздалат, дагы 45 миң бала жаңы мектептерге барышат, 3 миң тарбиячы жана мугалимдер жумуш менен камсыз болушат», – деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, насыянын шарттары – мөөнөтү, жеңилдетилген мезгилдин бар же жоктугу, пайыздык чени жөнүндө маалымат берилген жок.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

26–28-август күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында жарандарга акысыз укуктук жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Юридикалык жардам кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Юстиция министрлигинин 100 жылдыгына карата уюштурулууда. Юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустарында атайын жайлар уюштурулат. Алардын арасында калкты тейлөө борборлору, айыл

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорунун кийинки этабы башталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Документ "Джунда" заводун

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алай районунда сел, жер көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Гүлчө шаарына караштуу Чакмак айылында жер көчкү коркунучун жоюу үчүн ӨКМдин атайын долбоору менен курулган дамбанын курулушу 100% аяктады. Сыноо иштеринен кийин бул аймактагы 13 турак үйгө жана

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500