Бир сааттан ашпаган сот отурумдары бир айга чейин жүйөөсүз созулууда - президент сотторго нааразы

Бир сааттан ашпаган сот отурумдары бир айга чейин жүйөөсүз созулууда - президент сотторго нааразы

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-августта, КРнын Жогорку Сотуна барып, судьялар менен жолугушканын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, баса белгилеп кетүүчү маанилүү маселелердин бири – бул соттук ишти кароо мөөнөттөрүнүн бузулушу. Мындай терс көрүнүштөргө кароодогу иштердин мөөнөттөрү боюнча талдоо жүргүзүлбөгөндүгү жана соттук ишти кароо мөөнөттөрүн бузган судьяларга карата тиешелүү чаралар көрүлбөгөнү себеп болууда.

«Мындай жагдайларга негизинен төрагалардын алсыздыгы, өз милдеттерин так аткарбагандыгы, уюштуруучулук иштеринин канааттандырарлык эместиги түрткү болуп жатат. Буга мисал катары алсак, сот отурумдары өзү орточо эсеп менен бир сааттан ашпайт. Бирок кийинки отурумдун аралыгы ар кандай себептер менен бир жумадан бир айга чейинки убакытка дайындалып, кыска убакытта эле карап бүтүрүп коюучу иштин мөөнөтү жүйөөсүз созулуп кетип жатат.

Ушундай иш алпарган судьялардын үстүнөн даттануулар ачык-айкын каралбай, ар түрдүү шылтоолор менен тиешелүү тартип чаралары көрүлбөгөндүктөн, жарандарыбыздын күмөндүү жана негиздүү нааразычылыктары жаралууда. Ошондой эле судьялар тараптардын атаандаштык принцибин сактабай, айыптоо тарабынын, тергөөнүн материалдарынын негизинде гана чечим чыгарып калгандыгы дагы ачуу чындык. Мындай көрүнүштөр, албетте, нааразычылыктарды күчөтөт! Атаандаштык принцибинин негизинде айыпталуучунун күнөөсү далилденбесе, ага карата актоо өкүмү кабыл алынат. Ошондо гана тергөөнүн сапаты жогорулап, мыйзам талабына ылайык болот деп эсептейм», – деди Жапаров.

Президент жогоруда айтылган көйгөйлөрдү чечүүнүн бир жолу катары соттордун ишмердүүлүгүн баалоо институтун ишке киргизүү зарылдыгын белгиледи. Себеби ар бир соттун иши объективдүү жана ачык-айкын бааланса, аларга карата сый же жаза чаралары акыйкаттуу колдонулат.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

26–28-август күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында жарандарга акысыз укуктук жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Юридикалык жардам кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Юстиция министрлигинин 100 жылдыгына карата уюштурулууда. Юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустарында атайын жайлар уюштурулат. Алардын арасында калкты тейлөө борборлору, айыл

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорунун кийинки этабы башталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Документ "Джунда" заводун

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алай районунда сел, жер көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Гүлчө шаарына караштуу Чакмак айылында жер көчкү коркунучун жоюу үчүн ӨКМдин атайын долбоору менен курулган дамбанын курулушу 100% аяктады. Сыноо иштеринен кийин бул аймактагы 13 турак үйгө жана

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500