«Бишкек» ЭЭАнын субъекттери 320дан 302ге кыскарды жана реэкспорт токтоду - Тайчабаров

«Бишкек» ЭЭАнын субъекттери 320дан 302ге кыскарды жана реэкспорт токтоду - Тайчабаров

Акыркы эки жылда “Бишкек” ЭЭАнын субъекттери 220дан 203кө кыскарган. Бул тууралуу аталган аймактын башкы директору Кудрет Тайчабаров билдирди.

Тайчабаров ал директорлук кызматка келгенден бери “Бишкек” ЭЭАда кеңейүү, өсүш барбы деген суроого тескерисинче, резиденттер кыскарганын айтты.

“Мыйзам боюнча 1 жыл эч кандай экономикалык өсүш көрсөтпөгөндөрдү биз сотко берип, статусунан ажыратабыз дагы, ордуна келген жаңыларды каттайбыз. Биз келгенде 320 болчу, азыр 302 калды“, – деди ал.

Ошондой эле Тайчабаров “Бишкек” ЭЭАда реэкспорт токтоп калганын айтты.

Реэкспорт деген көрсөткүчтөн токтоп калдык, анткени реэкспортко КНСти киргизип коюшту. Анда бизде да төлөшөт, барганда да төлөшөт. Бул ишкерлерге ыңгайсыз болгондуктан, бул тармак токтоп турат”, – деди Тайчабаров.

Белгилей кетсек, Кудрет Тайчабаров 2020-жылдын 14-ноябрында ошол кездеги премьер-министр Садыр Жапаровдун буйругу менен «Бишкек» ЭЭАнын башкы директору болуп дайындалган.

«Бишкек» ЭЭАнын директору Кудрет Тайчабаровдун Тойота Ланд Крузер унаасы менен iPhone 12 телефону талкууга түштү

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

26–28-август күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында жарандарга акысыз укуктук жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Юридикалык жардам кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Юстиция министрлигинин 100 жылдыгына карата уюштурулууда. Юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустарында атайын жайлар уюштурулат. Алардын арасында калкты тейлөө борборлору, айыл

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорунун кийинки этабы башталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Документ "Джунда" заводун

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алай районунда сел, жер көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Гүлчө шаарына караштуу Чакмак айылында жер көчкү коркунучун жоюу үчүн ӨКМдин атайын долбоору менен курулган дамбанын курулушу 100% аяктады. Сыноо иштеринен кийин бул аймактагы 13 турак үйгө жана

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500