Чет элдик валюта менен накталай төлөм жүргүзүүдө кыйынчылыктар болууда - Жапаров

Чет элдик валюта менен накталай төлөм жүргүзүүдө кыйынчылыктар болууда - Жапаров

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Азаттыкка” республиканын ички валюта рыногундагы абал тууралуу маек берип, Украинадагы кырдаалдан улам КРда кыйынчылык жаралып жатканын айтты.

Соңку учурда өлкөдө “валютанын кара базары” пайда болгону, бир катар маалымат каражаттары Телеграм сыяктуу тиркемелерде кадимкидей соода жүрүп жатканы, а түгүл алдангандар да бар экени, ал эми акча алмаштыруу жайларда, банктарда доллар жок экендиги тууралуу суроого Жапаров минкаб колдон келген аракетин көрүп жатканын, дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок экенин билдирди.

“Биздин өлкөдө эркин базар калыптанган. Ошондуктан эч ким алданбаш керек. Акчанын баарын банктардан алуу зарыл. Акча которууларды банктар аркылуу жүргүзүү абзел. Бизде доллар, алтын-валюталык запас жетиштүү. Өкмөт да аракеттерди көрүп жатат. Азыр дүрбөлөң түшүүгө негиз жок деп ойлойм. Башка өлкөлөрдөн валюта келип-кетип жүргөн, азыр деле келип-кетип жатат. Тек гана Россия менен Казакстанга көбүрөөк кетип жатканына көңүл бурдук. Ал боюнча иш-аракеттер көрүлүүдө.

Украинадагы окуялардан улам бизге кыйынчылык жаралып жатат. Мурда 2.5 млрд доллар менен келчү, азыр рубль менен келе баштады. Ошондуктан Россияда да, бизде да рублда бир-эки курс пайда болуп калды. Бирок биз рублга жооп бере албайбыз. Биз сомдун курсу үчүн жооп беребиз”, – деди ал.

Ошондой эле Жапаров Россия менен Украинанын ортосундагы атайын операциядан соң валюта рыногунда өйдө-төмөн, олку-солкулук орун алып жатканын белгиледи.

“Буга чейин жергиликтүү банктар чет элдик валютаны Россиянын банктары аркылуу алып келсе, азыр айланып башка өлкөлөр аркылуу ташып жатат. Анын өз баасы бар экен. Банктар өз пайдасын көрүүгө аракет кылып жатат. Биз ага каршы деле эмеспиз.

Кыргызстанда рыноктук принциптер өз орду менен иштеп жатат деп эсептейбиз. Албетте, кыйынчылыктар болууда. Бул өзгөчө накталай төлөм жүргүзүүдө сезилүүдө. Бирок накталай эмес соода жүргүзүүдө эч кандай маселе жок. Ошондуктан мен далбастап жарандарга ККМ колдонгула, банк аркылуу накталай эмес соода жүгүртүүгө өткүлө десем, аны укпагандар чыгып жатпайбы.”, – деди минкабдын жетекчиси.

Белгилей кетсек, Улуттук банк акыркы мезгилде АКШ жана Евроаймактын борбордук банктары Россияга доллар жана евро банкнотторун берүүнү токтоткондугуна байланыштуу, алгач Россияда, андан кийин Казакстанда капиталды чыгарып кетүүгө чектөөлөр киргизилгенден кийин КРда нак чет өлкө валютасына болгон талап жогорулаганын билдирген болчу.

Кошумча окуңуз: Улуттук банк жана комбанктар накталай доллардын жетишсиздигин жоюу үчүн болгон аракетин жумшап жатат — регулятор

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

26–28-август күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында жарандарга акысыз укуктук жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Юридикалык жардам кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Юстиция министрлигинин 100 жылдыгына карата уюштурулууда. Юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустарында атайын жайлар уюштурулат. Алардын арасында калкты тейлөө борборлору, айыл

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорунун кийинки этабы башталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Документ "Джунда" заводун

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алай районунда сел, жер көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Гүлчө шаарына караштуу Чакмак айылында жер көчкү коркунучун жоюу үчүн ӨКМдин атайын долбоору менен курулган дамбанын курулушу 100% аяктады. Сыноо иштеринен кийин бул аймактагы 13 турак үйгө жана

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500