КЭР - КР - Өзбекстан темир жолунун долбоорун иштеп чыгууга Кытайдан 80 адис келди

КЭР - КР - Өзбекстан темир жолунун долбоорун иштеп чыгууга Кытайдан 80 адис келди

Кыргызстанга Кытайдан 80 адис келди. Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушунун техникалык-экономикалык негиздемесин (ТЭН) даярдоо иштери башталды. Бул тууралуу бүгүн, 5-августта Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 4-августта Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев Кытай темир жол курулуш корпорациясынын Биринчи долбоорлоо-изилдөө институтунун улук инженери Гэн Джун жетектеген өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар темир жолдорду курууда ишти күчөтүү зарылдыгын белгилешти. Тактап айтканда, учурда тараптар Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу боюнча биргелешкен долбоорду ишке ашырууга көмөктөшүү боюнча активдүү иш алып барууда.

Министрлик буга чейин темир жолду куруунун ТЭНин биргелешип иштеп чыгуу боюнча келишим түзүлгөнүн билдирди.

“Кыргызстандын жетекчилиги темир жол куруу долбоорун тезирээк ишке ашырууга ынтызаар. Ошондуктан, КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин тез арада иштеп чыгууга бардык күч-аракетин жумшоодо. Учурда Кытайдын долбоорлоо институтунан 80 адис Кыргызстанга келип, ТЭНи даярдоо боюнча иштер башталды”, – деп айтылат маалыматта.

Кошумча окуңуз: Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу долбооруна сентябрда Самаркандда кол коюлат

Кытай эксперттери КРга келишти — Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу боюнча аймакты изилдешет

Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу курулса, КР жылына 200 млн доллар пайда көрмөк. Бирок эмнеге 30 жылдан бери курулбай келет?

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

26–28-август күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында жарандарга акысыз укуктук жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Юридикалык жардам кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Юстиция министрлигинин 100 жылдыгына карата уюштурулууда. Юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустарында атайын жайлар уюштурулат. Алардын арасында калкты тейлөө борборлору, айыл

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорунун кийинки этабы башталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Документ "Джунда" заводун

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алай районунда сел, жер көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Гүлчө шаарына караштуу Чакмак айылында жер көчкү коркунучун жоюу үчүн ӨКМдин атайын долбоору менен курулган дамбанын курулушу 100% аяктады. Сыноо иштеринен кийин бул аймактагы 13 турак үйгө жана

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500