Кыргызстандагы кум шекер Бразилиядан келген чийки кум шекерден өндүрүлөт - логистикадан улам баасы жогору

Кыргызстандагы кум шекер Бразилиядан келген чийки кум шекерден өндүрүлөт - логистикадан улам баасы жогору

Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги өлкө ичиндеги социалдык жактан маанилүү товарларга – ун, шекер, өсүмдүк майы, сүт сыяктуу азыктардын баасынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга көңүл бурулуп жатканын билдирди.

Ага ылайык, кечээ, 4-августта Монополияга каршы жөнгө салуу
кызматынын аянтчасында республиканын аймагына алымсыз жеткирүүгө квотанын алкагында жөнөтүүчүлөр алып келген кум шекерди сатуу, ошондой эле ташылып келген чийки кум шекерден иштелип чыккан кум шекерди ата мекендик заводдор тарабынан сатуу маселелерин талкуулашкан.

“Белгилей кетсек, республикага негизинен Индиядан чыгарылган кум шекер алынып келинген, ал эми “Кайыңды Кант” ААК жана “Кошой” ААК заводдору Бразилиядан алынып келинген чийки кум шекерден өндүрүшөт. Логистикадан улам, бүгүнкү базарларда сатылып жаткан кум шекердин баасы ата мекендик кант кызылчасынын кум шекерине караганда жогору”, – деп билдиришти агенттиктен.

Эскерте кетсек, рынокту кум шекер менен каныктыруу жана ага болгон бааны кармап туруу үчүн бир катар чаралар көрүлгөн:

  • кошумча нарк салыгынын коюму (КНС) нөлгө түшүрүлгөн
  • 105 миң тонна кум шекерди жана чийки кантты ишкерлер
    алымдарды төлөбөстөн алып келишет
  • кум шекерди башка өлкөлөрдүн ишкерлери сатып албашы үчүн кантты республикадан тышкары ташып кетүүгө убактылуу тыюу салынган
  • базарларда, соода түйүндөрүндө кум шекердин баасын турукташтыруу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлгөн.
Кумшекердин баасы башка өлкөлөрдө

(1 кг үчүн сом менен эсептегенде)

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

26–28-август күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында жарандарга акысыз укуктук жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Юридикалык жардам кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Юстиция министрлигинин 100 жылдыгына карата уюштурулууда. Юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустарында атайын жайлар уюштурулат. Алардын арасында калкты тейлөө борборлору, айыл

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорунун кийинки этабы башталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Документ "Джунда" заводун

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алай районунда сел, жер көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Гүлчө шаарына караштуу Чакмак айылында жер көчкү коркунучун жоюу үчүн ӨКМдин атайын долбоору менен курулган дамбанын курулушу 100% аяктады. Сыноо иштеринен кийин бул аймактагы 13 турак үйгө жана

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500