Оор жүк ташыган айдоочулар Нарындагы 6 балалуу үйү жок бүлөгө төрт бөлмөлүү үй салып беришти

Оор жүк ташыган айдоочулар Нарындагы 6 балалуу үйү жок бүлөгө төрт бөлмөлүү үй салып беришти

«Нарын-Транс”, “Ат-Башы-Транс”, “Ак-Талаа-Транс”, “Ысык-Көл-Транс”, “Чүй-Транс” жана “Кочкор-Транс” коомунун айдоочулары биригип, Нарындагы 6 балалуу үйү жок үй-бүлөгө 4 бөлмөлүү үй салып беришкен. Бул тууралуу “Нарын медиа борбору” билдирди.

Маалыматка таянсак, Кара-Булуң айылынын тургуну Мурат Иманакуновдун буга чейин өзүнүн тамы болгон эмес. 6 балалуу үй-бүлө турмуш шарттын айынан үй кура албай келген.

Анын бүгүнкү акыбалын түшүнүшкөн оор жүк ташыган айдоочулар өз ара кеңешип, жардам берүүнү чечишкен. Алар өз каражаттарынан заманбап 4 бөлмөлүү там куруп, үй ээсине ачкычын тапшырышкан.

«Нарын-Транс”, “Ат-Башы-Транс”, “Ак-Талаа-Транс”, “Ысык-Көл-Транс”, “Чүй-Транс” жана “Кочкор-Транс” коомунун айдоочуларынын ортосунда өзүбүздүн чогулткан акчабыз бар. Айрым колунда жок жарандарга ортодогу акчабыздан жардамыбызды берип келебиз.

Мурат байкенин абалын элден угуп, жардамыбызды бердик. Өзүнүн эле айылында жашаган уста балдарды жалдап, тамды салдырдык. Ичине суу киргиздирдик, мешин, жылыткычын (паровой), электр жарыктарынан бери койдурдук. Кыскасы, дароо эле кирип жашагыдай бүтүрүп бердик», – дейт айдоочулар коомунун мүчөсү Ренат Хусейинов.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

26–28-август күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында жарандарга акысыз укуктук жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Юридикалык жардам кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Юстиция министрлигинин 100 жылдыгына карата уюштурулууда. Юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустарында атайын жайлар уюштурулат. Алардын арасында калкты тейлөө борборлору, айыл

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорунун кийинки этабы башталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Документ "Джунда" заводун

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алай районунда сел, жер көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Гүлчө шаарына караштуу Чакмак айылында жер көчкү коркунучун жоюу үчүн ӨКМдин атайын долбоору менен курулган дамбанын курулушу 100% аяктады. Сыноо иштеринен кийин бул аймактагы 13 турак үйгө жана

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500