«Ош» эл аралык аэропортунун кондуруучу системасына жабдуулар алынат - тендер жарыяланды

«МЭА» ААК «Ош» эл аралык аэропорту үчүн ILS кондуруу системасын жеткирүүчүлөргө тендер жарыялады. Бул тууралуу компаниянын маалымат кызматы билдирди.

«Манас» эл аралык аэропорту» ААК «Ош» эл аралык аэропортун жабдуулоо боюнча курулуш, монтаждоо жана ишке киргизүү иштерин жүргүзүү менен ИКАОнун 2-категориясына ылайык, DME/N навигациялык-кондуруучу дистанциялык башкаруусу менен ILS кондуруу системасынын жабдууларын долбоорлоо, жеткирүү үчүн потенциалдуу жеткирүүчүлөрдү конкурска катышууга чакырды.

Конкурстук документтер 2022-жылдын 8-августунда саат 14.00 ачылат.


Кондуруучу аспаптык система (ILS) – бул учуу-конуу тилкесинин учунан радиотолкундарды учакты багыттоо үчүн жөнөтүүчү система.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Токтогул шаары 5,3 млн сомго таштанды ташуучу унаа сатып алды

20-ноябрда Бишкектин кээ бир аймактарында суу берилбейт

Кыргызстан менен Казакстан салык тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Улуттук банк 1 коммерциялык банкка 5 миң 354 сом айып пул салды

Кыргыз-өзбек чек арасында бажы-логистикалык терминал ачылды