«Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКтын уставдык капиталы 990 млн сомго көбөйтүлөт

«Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКтын уставдык капиталы 990 млн сомго көбөйтүлөт

“Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ААКтын уставдык капиталы 990 млн сомго көбөйтүлөт. Мындай чечимди “КУЭТ” компаниясынын акционерлери 27-июлдагы кезексиз жалпы жыйынында кабыл алышканын Кыргыз фондулук биржасынан билдиришти.

Уставдык капитал 598 246 081 жөнөкөй аталыштагы акцияларды кошумча чыгаруу жана жайгаштыруунун эсебинен көбөйтүлөт. Бир акциянын номиналдык баасы 1.65 сомду түзөт.

КФБнын маалыматы боюнча, “КУЭТтин” уставдык капиталы көбөйгөндөн кийин 2 млрд 587.4 млн сомду түзөт.

Белгиленгендей, «КУЭТ» ААКтын жөнөкөй акцияларынын кошумча чыгарылышын жеке (жабык) жайгаштыруу «Түндүк электр» ААК, «Чыгыш электр» ААК, «Ошэлектро» ААК жана «Жалалабатэлектро» ААК бөлүштүрүүчү компаниялардын жөнөкөй акцияларынын ээлеринин арасында жүргүзүлсүн деген чечим кабыл алынган.

Эске салсак, «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» бөлүштүрүүчү компаниялардын өткөрүп берүү сертификаттарын бекитти жана энергетика тармагын реформалоонун алкагында алар «КУЭТтин» курамына кирет.


«Кыргызстандын улуттук электр тармактары» ААКсы (КУЭТ) – Кыргызстандагы электр станцияларында өндүрүлгөн электр энергиясын жогорку вольттуу тармактар ​​аркылуу ташуу боюнча жалгыз оператор болуп саналат. Компания Кыргызстандын улуттук энергетика системасын борборлоштурулган оперативдүү-диспетчердик башкарууну ишке ашырган системалык оператор. КУЭТ 2001-жылдын 25-декабрында «Кыргызэнергону» кайра уюштуруунун натыйжасында түзүлгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Ала-Бука – Касан унаа жолунун 12 чакырымы толугу менен асфальтталды

Ала-Бука – Касан унаа жолунун 12 чакырымы толугу менен асфальтталды

Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука – Касан унаа жолунун быйылкы жылга пландалган 5,5 чакырым тилкесине асфальт-бетон төшөө иштери толугу менен аяктады. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, жол куруу иштери №17 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан белгиленген графикке ылайык, курулуштун сапат талаптарын сактоо менен жүргүзүлдү. Аталган жолдун жалпы 12 чакырымына

Жалал-Абадда көп кабаттуу үйдүн курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды

Жалал-Абадда көп кабаттуу үйдүн курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды

Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаментинин Жалал-Абад региондук башкармалыгы шаардагы көп кабаттуу турак жайга текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, текшерүү Байзаков көчөсү, 46 дарегинде курулуп жаткан объектте өткөрүлүп, техникалык талаптардын бузулганы аныкталды. Белгиленгендей, курулуш иштери бекитилген долбоордук документациядан четтөө менен жүргүзүлгөн. Ошондой эле

Ошто агроөнөр жай тармагын өнүктүрүү боюнча көчмө жыйын өттү

Ошто агроөнөр жай тармагын өнүктүрүү боюнча көчмө жыйын өттү

6-7-август күндөрү Ош шаарында Дүйнөлүк банктын каржылоосунда министрлик тарабынан ишке ашырылып жаткан "Ош облусунун жана Ош шаарынын аймактык экономикалык өнүгүүсү" долбоорунун алкагында Өндүрүмдүү өнөктөштүк комитетинин көчмө жыйыны өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Жыйынга министрдин орун басары Мирбек Дүйшеев жана Комитеттин мүчөлөрү катышты. Көчмө жыйындын

Бишкектеги 10-кичирайондо убактылуу суу токтотулат

Бишкектеги 10-кичирайондо убактылуу суу токтотулат

12-августта саат 09:00дөн саат 17:00гө чейин 10-кичирайондун бир бөлүгүндөгү турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде, ошондой эле башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына караганда, суу менен жабдуунун убактылуу токтотулушу 10-кичирайондогу откананын суу