2022-жылы Кореяда кыргызстандыктарды жумушка орноштуруу үчүн квота жылына 1.8 миң адамга жетти

2022-жылы Кореяда кыргызстандыктарды жумушка орноштуруу үчүн квота жылына 1.8 миң адамга жеткен. Бүгүнкү күндө КР жарандарын чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу борбору буга чейин 515 кыргызстандыкты жумуш менен камсыз кылган. Бул тууралуу USAID агенттигинин июль айындагы отчетунда айтылат.

USAIDдин Борбор Азиядагы коопсуз миграция программасы борбордун кызматкерлеринин Түштүк Кореяга таанышуу сапарын колдоого алды.

Борбор 2007-жылдан бери Кыргызстан менен Түштүк Кореянын өкмөттөрүнүн ортосундагы кызматташуу меморандумунун негизинде кыргызстандыктарды Түштүк Кореянын ишканаларына жумушка орноштурууга көмөктөшүү боюнча иш алып барууда.

«Таанышуу сапарынын жүрүшүндө делегация Кореянын облустарынын губернаторлору менен жолугушуп, кыргызстандык мигранттарды ишке орноштуруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. USAID Кыргызстанда жана Борбор Азияда коопсуз миграцияга көмөк көрсөтүүнү улантууда”, – деп айтылат маалыматта.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Токтогул шаары 5,3 млн сомго таштанды ташуучу унаа сатып алды

20-ноябрда Бишкектин кээ бир аймактарында суу берилбейт

Кыргызстан менен Казакстан салык тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Улуттук банк 1 коммерциялык банкка 5 миң 354 сом айып пул салды

Кыргыз-өзбек чек арасында бажы-логистикалык терминал ачылды