КРнын банк системасында накталай эмес доллардын көлөмү өсүүдө - Улуттук банк

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын банк системасында накталай эмес доллардын көлөмү өсүүдө. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, валюта рыногунда накталай эмес доллардын тартыштыгы жок. Коммерциялык банктар накталай эмес төлөмдөрдүн каалаган көлөмүнө болгон суроо-талапты канааттандырууга даяр.

Улуттук банктын жетекчисинин орун басары валютага эң көп суроо-талап көмүскө экономикадан келип чыгып жатканын, алар накталай акчаны реалдуу кирешесин жашыруу үчүн колдонуп жатканын белгиледи.

«Накталай эмес төлөмдөрдүн жеткиликтүүлүгүн, коопсуздугун жана ачыктыгын эске алып, биз жарандарга ушул ыкманы колдонууну сунуштайбыз», – деп кошумчалады ал.

Кошумча окуңуз: Улуттук банк жана комбанктар накталай доллардын жетишсиздигин жоюу үчүн болгон аракетин жумшап жатат — регулятор

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Токтогул шаары 5,3 млн сомго таштанды ташуучу унаа сатып алды

20-ноябрда Бишкектин кээ бир аймактарында суу берилбейт

Кыргызстан менен Казакстан салык тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Улуттук банк 1 коммерциялык банкка 5 миң 354 сом айып пул салды

Кыргыз-өзбек чек арасында бажы-логистикалык терминал ачылды