Майлуу-Суу электр лампа заводуна мыйзамсыз берилген 2.7 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды
Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык прокуратурасы тарабынан 275 млн сомго бааланган жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.
Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын 2010-жылдагы токтомуна ылайык, шаар аймагынан “Майлуу-Суу электр лампа заводуна жел тилкеси мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталган.
Жер тилкесин кайтаруу максатында, шаардык прокуратура тарабынан сотко доо арыз келтирилип, жыйынтыгында толук канааттандырылган.
“Мындан сырткары, КРнын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын талаптарын бузуунун четтетүү үчүн, 275 млн 753 миң сомго бааланган жалпы 30 460 чарчы метр жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды”, – дейт прокуратура.