«Манас» аэропортунда төрт ПЧР-лаборатория иштеп жатат

«Манас» аэропортунда төрт ПЧР-лаборатория иштеп жатат

«Манас» эл аралык аэропортунун аэробекеттик комплексинде 4 экспресс-лаборатория ишин алып барууда. Бул тууралуу башкы аэропорттун маалымат кызматы билдирди.

Башка өлкөгө учаарда ПЧРга анализ тапшырып, кыска мөөнөттө изилдөөнүн жыйынтыгын аэропорттон 4 экспресс-лабораториядан алууга мүмкүн, алар:

  • Бонецкий лабораториясы
  • Medikana Plus
  • AMSBIO lab
  • Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин вирусологиялык лабораториясы.

«Манас» эл аралык аэропорту» ААКсы ПЧР-тест тапшырууну талап кылууда деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул биздин ЭМЕС, сиздер бара турган өлкөлөрдүн талаптары. Андыктан ПЧР-тести тууралуу маалыматты авиабилеттерди сатып алуу учурунда же Кыргызстандан бара турган өлкөнүн элчилигинен тактап алууңуздарды суранабыз”, – дейт аэропорттун маалымат кызматы.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров Бүткүл кытайлык комитетинин Төрагасынын орун басары Шэнь Юэюэни кабыл алды

Садыр Жапаров Бүткүл кытайлык комитетинин Төрагасынын орун басары Шэнь Юэюэни кабыл алды

Президент Садыр Жапаров 27-майда, Кытай Эл Республикасынын 14-чакырылыштагы Элдик саясий консультативдик кеңешинин Бүткүл кытайлык комитетинин төрагасынын орун басары, ШКУнун Ынак коңшулаштык, достук жана кызматташтык боюнча комитетинин Төрайымы Шэнь Юэюэни кабыл алды. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалымат жана саясат бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки жактуу өз ара аракеттенүү,

Бишкектеги айт намазга 30 миңден ашуун адам катышты

Бишкектеги айт намазга 30 миңден ашуун адам катышты

Бишкек шаарындагы. Т.Усубалиев атындагы эски аянтта өткөн айт намазга 30 миңден ашуун адам катышты. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына карганда, борбор калаада өткөн айт намазы тынч маанайда өттү. Коомдук тартипти сактоого 3000ден ашуун милиция кызматкери тартылды. Эске салсак, буга чейин айт намаздары мечиттерде окулуп, борбордук аянттарда окулбай келген.

MCN Coin иши боюнча айыпталган Юруслан Тойчубеков акталды

MCN Coin иши боюнча айыпталган Юруслан Тойчубеков акталды

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Мамлекеттик каржы көзөмөл кызматынын мурдагы жетекчиси Юруслан Тойчубековду актады. Бул тууралуу саясатчы Феликс Кулов социалдык баракчасына жазды. "Жаңы эле жакшы кабар алдым: Бишкектин Биринчи Май райондук соту Юруслан Тойчубековду толук актады. Мен анын күнөөсүз экендигинен эч качан шек санаган эмесмин. Бирок, бул жеңиш анын

“Кумтөр Оперейтинг Компанинин” 100% акциясы  “Кумтөр Голд Компаниге” өткөрүлдү

“Кумтөр Оперейтинг Компанинин” 100% акциясы  “Кумтөр Голд Компаниге” өткөрүлдү

“Кумтөр Оперейтинг Компани” ЖАКтын 100 пайыз акциясы “Кумтөр Голд Компаниге” өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган компаниядан билдирди. Маалыматка ылайык, тийиштүү чечим учурда Тоголок алтын кенин өздөштүрүү жана Жангарт аянтында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан “Кумтөр Оперейтинг Компанинин” маселелери боюнча “Кумтөр Голд Компаниге” ыкчам чечимдерди кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн берүү максатында кабыл алынды.