Минкаб ID-карталардын, айдоочулук жана башка күбөлүктөрдүн санариптик түрүнө укуктук статус берүүнү көздөөдө

Минкаб ID-карталардын, айдоочулук жана башка күбөлүктөрдүн санариптик түрүнө укуктук статус берүүнү көздөөдө

Санариптик өнүктүрүү министрлиги санариптик документтерге укуктук статус берүүнү сунуштоодо. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.

Минкаб “КРнын аймагында санариптик документтерди колдонууну киргизүү максатында КРнын өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтом долбоорун иштеп чыкты.

Азыркы учурда талап боюнча көрсөтүү үчүн ID-картанын, айдоочулук күбөлүктүн жана транспорт каражатын каттоо күбөлүгүнүн түп нускасынын болбошу мыйзамды бузуу болуп саналат.

“Санариптик трансформация, электрондук башкарууга өтүү мезгилинде санариптик документтерди колдонуу альтернатива катары гана болбостон, алардын туруктуу аналогдоруна салыштырмалуу үстөмдүк кылышы керек. Бул багытта түзүлгөн кырдаалды өзгөртүү мыйзам деңгээлинде өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин гана мүмкүн болот.

Ошондуктан, долбоор аталган документтерге укуктук статус берүүнү жана аларды туруктуу түрдөгү түп нускалары менен теңдештирүүнү сунуш кылат”, – деп айтылат токтомдун негиздемесинде.

Минкаб бул долбоор кабыл алынган учурда оң социалдык натыйжа күтүлөт, ал Кыргызстандын жарандарына смартфондо туруктуу түрдөгү түп нускалары менен теңдештирилген санариптик паспортту колдонууга, тиешелүү органдардын кызматкерлерине санариптик айдоочулук күбөлүктү жана транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктү көрсөтүүгө мүмкүндүк берет деп ишендирүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Ала-Бука – Касан унаа жолунун 12 чакырымы толугу менен асфальтталды

Ала-Бука – Касан унаа жолунун 12 чакырымы толугу менен асфальтталды

Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука – Касан унаа жолунун быйылкы жылга пландалган 5,5 чакырым тилкесине асфальт-бетон төшөө иштери толугу менен аяктады. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, жол куруу иштери №17 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан белгиленген графикке ылайык, курулуштун сапат талаптарын сактоо менен жүргүзүлдү. Аталган жолдун жалпы 12 чакырымына

Жалал-Абадда көп кабаттуу үйдүн курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды

Жалал-Абадда көп кабаттуу үйдүн курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды

Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаментинин Жалал-Абад региондук башкармалыгы шаардагы көп кабаттуу турак жайга текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, текшерүү Байзаков көчөсү, 46 дарегинде курулуп жаткан объектте өткөрүлүп, техникалык талаптардын бузулганы аныкталды. Белгиленгендей, курулуш иштери бекитилген долбоордук документациядан четтөө менен жүргүзүлгөн. Ошондой эле

Ошто агроөнөр жай тармагын өнүктүрүү боюнча көчмө жыйын өттү

Ошто агроөнөр жай тармагын өнүктүрүү боюнча көчмө жыйын өттү

6-7-август күндөрү Ош шаарында Дүйнөлүк банктын каржылоосунда министрлик тарабынан ишке ашырылып жаткан "Ош облусунун жана Ош шаарынын аймактык экономикалык өнүгүүсү" долбоорунун алкагында Өндүрүмдүү өнөктөштүк комитетинин көчмө жыйыны өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Жыйынга министрдин орун басары Мирбек Дүйшеев жана Комитеттин мүчөлөрү катышты. Көчмө жыйындын

Бишкектеги 10-кичирайондо убактылуу суу токтотулат

Бишкектеги 10-кичирайондо убактылуу суу токтотулат

12-августта саат 09:00дөн саат 17:00гө чейин 10-кичирайондун бир бөлүгүндөгү турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде, ошондой эле башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына караганда, суу менен жабдуунун убактылуу токтотулушу 10-кичирайондогу откананын суу